Арыктоо мээнин картаюусун кеминде 9 айга жайлатат

Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Организмдеги арыктоо мээнин картаюусун кеминде 9 айга жайлатарын окумуштуулардын эл аралык тобу билдиргенин eLife жазды.
Эксперттер 102 адамдын мээсин тартып, 18 ай бою изилдешкен, боорун, холестериндин деңгээлин жана салмакты текшерүүдөн өткөрүшкөн.
Эксперимент учурунда изилдөөнүн катышуучулары ар кыл диетада отурушкан. Алардын саламаттыгын бир жарым жылдан кийин текшере келгенде жыйынтык мээнин жашы тогуз ай мурдагыдай эле калганын көрсөткөн. Тажрыйбага катышкандар 2,3 килограммга арыкташкан.
Илон Масктын компаниясы мээ чиптерин адамдарга сыноого уруксат алды