Эр оюнда эрендердин дымагы сыналып... Улуттук оюндардагы кызыктуу ирмемдер

Кыргыздардын эзелтен бери ойнолуп келе жаткан улуттук оюндары менен кийинки муун да машыгып келет. Sputnik агенттиги ал спорт түрлөрүндөгү кызыктуу сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Көчмөн турмушта кыргыздын той-топур, мааракелери спорттук мелдештерсиз өтпөй, эл арасынан чыдамкай, күчтүү балбандары аныкталган. Жеңүүчү аталгандар эл оозуна алынып атагы алыска кеткен. Муундан-муунга өтүп азыркыга чейин эл арасында ойнолуп келе жаткан спорттун айрым түрлөрү эл аралык мелдештердин тизмесине кошулуп, чет элдик спортчулар да аларды өздөштүрүүдө.
1 / 15

Ат үстүндө эр эңиш боюнча күч сынашкан балбандар. Жеңиш каршылашын эрден оодарып түшкөнгө берилет.

2 / 15

Бүйүр кызыткан аламан улак. Мелдеште улакчылар торпокту тартышат. Ошондуктан бул спорттун түрү эрендердин эр оюну деп айтылат.

3 / 15

Таяк тартыш — билеги күчтүү спортчулардын оюну

4 / 15

Ысык-Көлдүн жээгинде кыргыз күрөш боюнча күч сынашкан спортчулар. Кыргыз күрөшү — байыркы улуттук күрөш түрлөрүнүн бири.

5 / 15

Аркан тартыш оюнун учурда кичинекей балдардан тарта чоңдорго чейин ойношот

6 / 15

Көчмөн элдерде ат оюндарынын бир нече түрү бар. Көк бөрү, аламан улак, кыз куумай, кунан жарыш, ат чабыш, тай чабыш, жорго салыш...

7 / 15

Ордо — эзелтен бери келе жаткан кыргыз оюндарынын бири

8 / 15

Кыз куумай — ат менен жигит кызга жетип артылып бетинен өпсө, жетпей калганда кыз атынын башын буруп камчы менен жигитти кайра кубалап жөнөйт

9 / 15

Көк бөрү ойногон спортчулар. Аталган оюн акыркы жылдары эл аралык спорттун түрүнө айланды

10 / 15

Кыргыздар тайгандарды мал бакканга, аңчылык үчүн кеңири колдонгон. Ал эми азыр спортчулар арасында тайган жарыштар уюштурулуп келет.

11 / 15

Салбуурун — алгыр куш жана тайган салуу менен коштолгон кыргыз элинин комплекстү аңчылык оюндары

12 / 15

Миңдеген улакчы күч сынашкан Кара-Суудагы аламан улак

13 / 15

Жайлоодо чүкө ойногон өспүрүмдөр. Кезинде ал айылдык балдардын сүйүктүү оюндарынын бири болгон.

14 / 15

Балдардын шамдагайлыгын өрчүткөн чикилдек оюнун ойногон өспүрүмдөр

15 / 15

Тогуз коргоол — кыргыз элинин улуттук интеллектуалдык оюну. Кыргыздар илгери болочок башкаруучулардын акылын ушул оюн менен текшерген.

Тема боюнча:
Кыргыздар 100 жыл мурун кантип чер жазган. Архивдик сүрөттөр
Бээ саап, токой аралап... Кыргыздардын жай мезгилиндеги турмушу сүрөттө
Энелердин майрамын утурлай. Өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон мыктылардын сүрөтү
Дүйнөлүк ачылыштарга катышкан кыргызстандык илимпоздор. Сүрөт түрмөк
Кемелер, жүк артылган төөлөр, кайыктагы эл. Ысык-Көлдөгү сейрек сүрөттөр