Омскиден Бишкекке автобус каттамы жанданмай болду. Жол акысы

Автобус бир жумада бир жүрөт, ал эми билеттер 17-июндан тарта сатыкка чыгат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. 7-июлдан тарта Омск — Бишкек каттамы жандана турганын Омскоблавтотранс билдирди.
Омск автобекетинен автобус жума күнү саат 20.00дө чыгат.
"Билеттер 17-июндан тарта сатылмакчы. Каттамга Setra үлгүсүндөгү ыңгайлуу автобустар чыгат. Жол кире 6000 сом", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми багаж үчүн жүргүнчү 600 сом төлөйт.
Абу-Даби — Бишкек — Абу-Даби каттамынын өзгөчө шарттары жарыяланды