Ош облусунун башчысы, орун басары жана Кара-Суунун акими кызматтан алынды

Комиссия текшерүү жүргүзүп, бир катар мыйзам бузууларды аныктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Өздөрүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Ош облусунун бир катар жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош облусунун жетекчилигинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча тиешелүү комиссия түзүлүп, жыйынтыгында алардын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуу фактылары аныкталган.
Буга байланыштуу бир катар жетекчилерди ээлеген кызматынан бошотуу сунушталып, натыйжа төмөнкүдөй болду:
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов;
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Жаныкулов;
Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев.
Белгилей кетсек, буга чейин ЖКнын бир нече депутаты Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов мыйзамсыз иштерди жасап жатканын айтып, отставкасын талап кылган. Ал жерлерди ээлеп, айыл өкмөт, мектеп директорлоруна чейин кийлигишип, кысып жатканын билдиришкен. Кечээ соцтармакка биринчи орун басары Данияр Жаныкуловдун кабинетинде бирөөлөрдөн конверт алып, таңгакталган акчаны санап отурган видеосу тарады.
Бишкек ШИИББдин башчысына жетекчилиги чара көрдү