00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чай ичип кой деп эле берген. Жаныкулов акча алып жаткан видеосу боюнча үн катты

© Фото / полпредство ПКР в Ошской областиДанияр Жаныкулов. Архив
Данияр Жаныкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Жазылуу
Аткаминер кадрдагы каармандарды чогултуп, түндө өз версиясын жарыялады.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Жаныкуловдун кабинетинде бирөөлөрдөн конверттерди алып, таңгаакталган акчаны санап отурган видеосу соцтармакка тарады.
Кадрдан бир киши келип аткаминерге "чай ичип коюңуз" деп конвертти колуна карматып жатканын көрүүгө болот. Анан экөө кандайдыр бир жер маселеси боюнча сүйлөшүшкөн. Андан соң иш бөлмөсүндө Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев отурганы көрүнөт, ага Жаныкулов калың конвертти карматкан. Кийинки кадрдан катчысы баштыкка салынган бир коробканы алып кирип берген. Артынан эле облустук администрациянын маалымат катчысы Эрмек Муратбек уулу келген. Ага Жаныкулов бир таңгак акчаны карматып жатат. Ага кошумча кылып мурдараак катчысы алып кирген коробканын ичинен төрт-беш таңгак акча чыгарып, бир бөлүгүн берген.
Мындай видео кечээ, 13-апрелде, кечинде тараган, көп өтпөй эле түндө Жаныкулов өз версиясын жарыялады. Ал видео бир жыл мурунку экенин айтып, жадагалса кабинетине камераны өзү койдурганын билдирди. Кадрдан көрүнгөн каармандарды дагы чогултуп пикирин айттырган.
Данияр Жаныкулов эмне деди:
Былтыр бутума операция жасатып ооруканага жатып чыккам. Биринчи кирген адам Керим Макеев деген байкебиз "абалыңды сурап бара албадым, ушул акчага чай ичип кой" деп шашып кетип жатып, "бир маселе болуп жатат, жардам бер" деп жумуш дайындаган. Колдон келишинче аракет кылам дегем. Коррупциялык элемент же башка маселе жок;
Кара-Суунун акимине элден келген арыздарды бергем. Андай кайрылууларды минтип конверттерге салып жөнөтүшөт. Ошону мен берип Турусбек Ногоев чөнтөгүнө салып жатканы акча деген маселе болбошу керек;
Маалымат катчыга карматкан акча боюнча Ош облусун өнүктүрүү багытында 15 мүнөттүк ролик тартуу үчүн жеке компанияларды жалдап 2000 долларга сүйлөшкөнбүз. Сомго которгондо 140 миң болот экен, ошонун 100 миң сомун берип жаткам;
Уинстон Черчиллдин "чындык чыркырап ордунан турганча, калп дүйнөнү айланып чыгат" деген сөзү бар, тилекке каршы, азыр ушундай заманда жашап жатабыз. Адамды жамандоо, каралоо оңой болуп калды. Мезгил таразалап, чындык ким тарапта болгонун айтат. Мени колдоп бир жыл 9 айдан бери иштешкен адамдардын баарына ыраазымын, мындан ары дагы Кыргызстандын келечеги үчүн кайсы жерде болбойлу, кызматыбызды кылганга даярбыз;
Жер мафиясы менен күрөшкөнгө толук аракет кылдык, бирок жеңип чыгуу колубуздан келбеди;
Ал эми кутучанын ичиндеги таңгакталган акчалардын чоо-жайы тууралуу айткан жок.
Ал арада бүгүн эртең менен президент Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновду, биринчи орун басары Данияр Жаныкуловду кызматтан бошотту.
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2023
Тазабек Икрамов коррупционерлердин колу-бутун кесип салууну сунуштады. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0