БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Элчибек Жантаев дайындалды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, буга чийин ЖКнын бир нече депутаты Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов мыйзамсыз иштерди жасап жатканын айтып, отставкасын талап кылган. Ал жерлерди ээлеп, айыл өкмөт, мектеп директорлоруна чейин кийлигишип кысып жатканын билдиришкен. Кечээ соцтармакка биринчи орун басары Данияр Жаныкуловдун кабинетинде бирөөлөрдөн конверт алып, таңгакталган акчаны санап отурган видеосу тарады. Ал чуудан кийин Ош облусунун башчысы, биринчи орун басары жана Кара-Суунун акими иштен алынды.
Жаңыдан кызматка дайындалган Элчибек Жантаев Мамлекеттик кызмат жана өз алдынча башкаруу агенттигинин директору болуп иштеп жаткан. Андан мурун Ысык-Көл облусунун башчысы, Түп районунун акими кызматтарын аркалаган.
Учурда 50 жашта, Ысык-Көл кооперация институтунда билим алып, бухгалтер кесибине ээ болгон.