Өлкө апта ичинде Россияга кайрадан форель экспорттой баштайт. Бир шарты бар

Жаныбеков балык менен алектенген ишкерлердин көпчүлүгүнүн бизнес жүргүзүүсү талапка жооп бербегендиктен учурда мамлекет алардын түйшүгүн тартып жатканын кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстан ушул жуманын ичинде Россияга форель экспортун жанданта турганын айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков парламентте билдирди.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Россельхознадзор Кыргызстандын ветеринардык кызматына Россияга жөнөтүлгөн форель жана форель икрасынын сертификациясын токтотууну өтүнүп кайрылган. Мекеме эки жылдан бери Кыргызстандан Россияга жөнөтүлгөн форель жана форель икрасында тыюу салынган жана зыяндуу заттардын нормадан ашып кетип жатканын аныктап келерин белгилеген. Мындан тышкары, аталган кызматтын адистери Кыргызстандан барган бул балыктын көлөмү кадимки форелден чоңураак экенин аныкташкан. Мекеме ушунун өзү эле күмөн саноого негиз болорун белгиледи. Мындан улам Россельхознадзор 2023-жылдын январында балык чарбачылыгы менен алектенген 9 компанияны текшерүүнү демилгелеген.
Министрдин айтымында, Кыргызстандын ветенария кызматынын жетекчиси дал ушул маселе менен Москвада жүрөт.
"Ал Россельхознадзордун жетекчиси менен жолукту. Макулдашуу бар, буюрса, ушул жуманын ичинде талаптарга жооп берген, кемчиликтерин оңдогон мекемелер менен экспортту ачабыз", — деди министр.
Жаныбеков өлкөдө балык менен алектенген ишкерлердин көпчүлүгүнүн бизнес жүргүзүүсү талапка жооп бербегендиктен учурда өлкө алардын түйшүгүн тартып жатканын кошумчалады.
Форель алтынга тете пайда алып келет. Экономика министрлигинин программасы