Алмамбеттин ачуусу. Каныкейдин кийим-кечегин, белек-бечкегин алып Манас баштаган Алмамбет, кырк чоро артынан барса калың кол тартибин сактабай, ар ким өз эркинче болуп кетиптир. Аларды байкап көрүп Алмамбет оң жагына бир карап, ок тийгендей ыңгырап, сол жагына бир карап, топ тийгендей зыңгырап ачуусу келди. Муну Манаска барып айтайын деп баатырга жөнөйт. Манас Чөмүчтүн башында, Кара-Таш деген жерде чай кайнатып нан салып, сары аякка бал салып, чатыраш ойноп даң салып, туу байталды сойдуруп, ар кыл оюн койдуруп жыргап отурган экен. Анын алдына Алмамбет келди ачуулуу. "Кабылан Манас, барсыңбы, калктын ээси кан десем, кашкая чыккан карсыңбы, жыйганың отуз түмөн кол, барарың Бээжин алыс жол" деп, силердин кытай менен урушарда аларды тоготпогондой жүргөнүңөр мага кыпындай жакпайт, "колуңдун түрү бу болсо, корктум, кайра кетемин, төрөм, узун сөз айтсам суусаймын, төрөм, уруксат берсең узаймын, төрөм" деп катуу айтат. Анын сөзүн угуп кырк жигит кыңк этпейт, Манас болсо сегиз кандын үстүнөн кан болгон Эр Бакайга не болгон, андай экен кандыгын Алмамбетке өткөрүп берсин деп айттырып иет. Бакайга кандыгыңды берсин деп атат төрө иниң деп ким айта алмак эле, акыры ары тартып, берип тартып отуруп Бакайга элчиликке Ажыбай менен Серекти жиберишет. Алар барып, Ажыбай "кечээ берген кандыкты кайта сурап келгин деп канкоруң бизди айдады" деп, не кылсаң өзүң бил деп туруп калат. Муну угуп Бакай каткырып күлөт, нечен жерде кан болдум, бирок башыма мүйүз чыккан жок дейт да кандыкка таруудай тардыгы жоктугун, инимдин жардыгын кантип айткарбай коймокмун деп экөөнү жолго салат. Андан кийин Бакай баатыр Алма султанды баласынан да жакшы көрөрүн, бир сураса миң кайтара берерин кошумчалап, катчыга катын жаздырды, балчайта мөөр бастырды да келген экөөнө тез кармата салды. Ага кошуп экөөнө эки чопкут кийгизди, эки жорго мингизди, куру келген кулдарга кубантып үч ат айдатты.
Бакайдын кандыкты бериши. Ажыбай менен Серек үч ат жетелеп келсе, Бакай кандыгын бербей тартуу берип кутулган экен деп турушту Манастын жанындагылар. Кандыкты Алмамбет алат дегенде Бакай артык көргөнүн, макул экенин айтып төрөгө келгенде, жазган катын бергенде, колуна алып Эр Манас коюп койду жанына, канганча жутту бул канкор, Бозуул сунган чайына. Ошол Бозуул чала молдо экен, катты окумуш болду, “бээнин" ордун "төө" деди, "төөнүн" ордун "бээ" деди. Билбей калган бир жерин Абдылдадан сурады, "Ажыке, берегиси не" деди. Билимдүү Ажың кеп айтып, "балам, билген богуң же" деди. Кырк баатыры каткырды, Бозуулду шылдыңдап ыза кылды. Аңгыча чакырткан Алмамбет келип кошулду. Келер менен Айкөл Манас кытайдан таарынып келип кыргызга эл болгон, өзүнө бир тууган ини болгон Алмаңды, эми кайра кытайга жортуулга бараткан аскерине кан болсун деп башына таажы кийгизди, журт башы экенин ашкере айтып билгизди. Бадышалык өкүмөт Бакайдан кетип Алмамбетке өттү деп Манас жарлык чыгарды. Ырамандын Ырчы уул, ычкыры бапик кырк муун, тебетейи чоктуу кул, айтар сөзү шоктуу кул атына минип, жалпыга жар чакырып ийди. Муну угуп кээ бирөөлөр шыпшынат, калмактан келген жай таппай, казактан келген бай таппай, тентиген бир кул сай таппай, кан көтөрүп салыптыр, калк бирдигин алыптыр, эми бул кимди оңдурат, ырайымсыз куу кытай алыс жолдо бул элди айдап жүрүп өлтүрөт деп чуу салышты.
Алмамбеттин жарлыгы. Аларга болбой токсон нөкөр оңунда, алтымыш сакчы соңунда Алмамбет келип "каргантпай соём өзүңдү, каратпай тешем көзүңдү, калайык, уккун сөзүмдү, кайра баштан келгин деп, эсебиңди бергин" деп колдун баарын өткөрүп алды. Отунга кеткенин, сууга кеткенин, аттарды карап жүргөнүн, оюнга кеткенин, уктап калганын – түгөл таап келишти. Манас айтса айла жок, "кызыталак кытайдын өнөрү канча бар экен, өкүмүнө көнөлүк" деп макул болду жаңы кандын жардыгына. Алмамбет он кишини санап, бирин он башы атады, жүз кишини санап, бирин кылды жүз башы, ошого ишти матады. Миң кишиге бирөө миң башы, он миңге бирөө баатыр башы, жүз миңге бирөө бек болду. Баарын санап келсе бектик отуз экен, он миңди бир түмөн атады, бек белгиси туу болду, он миңге керней берилди, туу саны – отуз, керней саны – үч жүз, байрактын саны – отуз миң. Ошентип эсеп алынды, башкарары табылды, баары катар тизилди. Калайык кара журттун алдына чыгып, өкүмү эч качан эки болбосун, жарлыгы жалган болбосун айтып келип жаңы кан мындан ары ат чалдырып өтпөөгө, азык ичип көппөөгө, уруксатсыз чыканак жерге салбоого, чырым уйку албоого буйрук кылат. Жүрүшкө чыкканда жаңы мыйзам боюнча ат керт этип чөп жебейт, чөп жесе да көп жебейт, эр кылт этип суу ичпейт, күнү-түнү бел чечпейт. Ошондо алар ушинтип үч ай – токсон күн Күн чыгыш көздөй жол жүрөт, жол жүргөндө аябай эле мол жүрөт. Анан Күбөлүктүн боюна, Күрпүлдөктүн шоруна жеткенде алты ай кыштап алышат, ат кара тил болгондо Бээжинге чалгын чалышат. Андан бери үйдөгүдөй болушпайт, үлпөт оюн коюшпайт. Барып анан кол эсеби алынат, ондун бири жоголсо он башы көз жашын агызат, он башы да, жүз башы да, миң башы да, бектер да ушундай эле жаза алат. Алмамбет ушундай жарлыктарын айттып, Алмабаш мылтыгын аттырды. Бирөөлөр муну бечара кыргызды жеткирбей жолдо кыруу үчүн кытайдын кылган амалы дешти, калмакка берип бийликти капилет өлгөн экенбиз дешти. Алты канды каргаган андан көп, жеткен ажал бар болсо жеримде жүрсөм да өлөм деп тобокелге салганы да мындан көп...
Калың колдун аттанышы. Эртеси супа садык чалганда, таң саргарып калганда Алмабаш мылтык чаңырды, аттангын деп бу түндө Алмамбеттин ач кыйкырыгы жаңырды. Он башысы ороңдоп, тез болгун деп сороңдоп, жүз башысы лыкылдап, жүздөн бири жоголсо, өлөмүн деп кыпылдап, баары колун айдады. Кордой менен кол салды, Көл-Камышка жол салды, ары багыт Илеге артып түштү. Чыңыроо тартып жез найдан, чыбыраган кең сайдан, сурнай тартып жез найдан, суу акпаган кең сайдан, көз учунда мунарык, көктүн, жердин арасы – көз жетпеген тунарык болуп отуруп Өткөрмөлүү, Даркандан, Өгүз-Кечүү, Калкандан өтүп, Жүгүрүктүн Жүгөн-Таш, Жүйүрмөнүн Кара-Саз, Жүлүндөй Сары-Кыядан ашып барып, Шарпылдак, Аягүздө Чук-Терек, Эгиз-Кара, Былкылдак, Эгизектин Кара-Саз, Алтай тоодон айланып өттү. Ошентип кырк күн жүрүштү.
Кырктын башы Кыргыл чалдын кылыгы. Кырктын башы Кыргыл чалга Бозуул он башы экен, кырк биринчи күнүндө Кыргыл чал жүдөп кабышты, атка жүрө албай бокчоюп, эптеп бастыра албай чокчоюп, ак сакалы эрбейип, кыл муруту сербейип жүрө албай Кыргыл шалдайып турса, он башысы урушат. Мына ошондо алтымыш ашкан Кыргыл чал калмакка жол баштаткан Манаска да тил тийгизет, ал калмак кан ичирмек болду дейт. Он башысына карай "ойрон Кыргыл мен болдум, он башы Бозуул сен болдуң, азапты артык көргөнчө, айдалып жүрүп өлгөнчө, балааны башка көргөнчө, байлоодо жүрүп өлгөнчө башымды кесип алсаңчы, Манасыңа барсаңчы, Кыргыл баатыр өлдү деп, кыяматты көрдү деп, кызыталак калмакка барып кабар салсаңчы" дейт. Анда Бозуул "башымды кесип ал дейсиң, Манасты көздөй бар дейсиң, айтканың кылып салармын, башыңды кесип алармын, Манасыңа барармын, өлүгүң жерге таштабайм, белиңизди бүктөймүн, астыңдагы Акборчук, арта салып жүктөймүн, колду санаганда азыркы турган тогуз деп, Кыргыл менен он эле, өлдү Кыргыл доңуз деп, эсебиңди эсен беремин" дейт. Ошондо Кыргыл намысына келет, он башыны чыгарган калмакка ырахмат айтат, күчүн жыйнайт, кайра баштан чыйралат, нардай болгон Акборчук атына камчы салат.
Кыргыл чалдын Манасты издеп барышы. Манастын аты чарчачудай түрү жок, кулжадай көзү кызарып, төрт аягын тик салып баатырды алып учат. Алыстан аны жоктоп ар кимден сураштырып Кыргыл чал барат. Бул чалдын эмне он башысы жокпу, жүз башысы жокпу, миң башысы жокпу, өзүнчө жүргөн кандай эме, анан калса теңтушундай Манасты сөгүп-сагып “жолуң каткыр” деп жүрөт дешет көргөндөр. Ал Акборчук атын тепеңдетет, акырек менен төшүнө ак сакалы жайкалат. Бир убакта кол алдында бараткан кыраан Манасты карап Кыргыл чал акырды, байрагын булгап бакырды, "кел берилеп" чакырды. Муну көрүп кенебеген Шер Манас эмне биздин колдун бир жерине капталдан ушул жерге жакын дешти эле, Нескаранын көп эли кол салдыбы дейт. Манаска барып Кыргыл чал салам айтса алик жок, тигиниси бир кебелип койбойт. Ошондо Кыргыл “сенин кордугуң, сенин зордугуң бизге элкин келген кытайды эл бийлетип зор кылып, бүт журтуңду кор кылдың” деп айтат, калмак кул бизди ат чалдырып өтпөстөн, азык ичип көчпөстөн, уктап уйку канбастан, уучтаган колду жазбастан каран күнгө салганын, калктан кайрат жогологонун, дагы-дагы көп нерсени жөн айтпай, кыйкырып айтып-айтып салат.