Космонавттарды даярдаган даңазалуу кардиолог. Мирсаид Миррахимовдун сүрөттөрү

Белгилүү кардиолог Мирсаид Миррахимов кезинде советтик космонавттардын космоско даярдоо иштерине катышып, далай шакирттерине жол көрсөткөн. Sputnik Кыргызстан агенттиги атактуу илимпоздун сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Мирсаид Миррахимов 1927-жылы 27-мартта Фрунзе шаарында төрөлүп, борбордогу мектепти бүтүргөн соң Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда билим алып, аны 21 жашында кызыл диплом менен аяктаган. Төрт жылдан кийин 25 жашында илимдин кандидаты, 38 жашында Ленинград шаарында Физиология институтунда илимдин докторлугун жактаган. 1960-жылдары 15 союздук республиканын ичинен биринчилерден болуп Фрунзеде 60 бейтапка ылайыкталган кардиология бөлүмүн, азыркы Кардиология илимий-изилдөө институтун ишке киргизген. Ошол эле маалда илим менен жигердүү алектенип, бийик тоолуу климаттын ден соолукка тийгизген таасири боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзүп, Ысык-Көлдө советтик космонавттарды ачык космоско даярдоо, алардын кайра учуп келгенде реабилитациялоо иштерине жигердүү катышкан. Миррахимов медицинада жалпы 60 жылдай иштеп, 100дөн ашык илимдин докторун жана кандидаттарын өстүргөн. Убагында Кыргыз ССРинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов Миррахимовдун жеке көзөмөлүндө болуп дарыланып турушкан.
I жана III даражадагы Манас орденинин ээси 2008-жылы 81 жашында көз жумган.
1 / 17

Фрунзе шаарындагы өзбек башталгыч мектебинин окуучулары. 1935-жыл (Мирсаид Миррахимов экинчи катарда, оң жактан биринчи)

2 / 17

Мирсаид Миррахимов Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда философия боюнча кандидаттык минимум тапшырууда

3 / 17

Миррахимовдун үй-бүлөсү. Фрунзе шаары, 1950-жыл

4 / 17

Оң жакта бейтаптын саламаттыгын текшерип отурган кардиолог

5 / 17

Илимдин доктору апасы, келинчеги жана кызы менен

6 / 17

Советтер Союзунун көрүнүктүү окумуштуулары. Миррахимов так ортодо турат. СССРдин Илимдер академиясынын жана медицина илимдер академиясынын илимий көчмө сессиясынын катышуучулары. Фрунзе, 1975-жыл

7 / 17

Мирсаид Миррахимов жубайы жана уул-кыздары менен

8 / 17

Академик өзү уюштурган Кардиология жана терапия илимий-изилдөө борборунун кызматкери менен. Фрунзе шаары, 1985-жыл

9 / 17

Дүйнөлүк деңгээлдеги кардиолог Кыргыз ССРинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду жеке көзөмөлүнө алып дарылаган

10 / 17

Улуу устат. Миррахимов 100дөн ашык илимдин докторун жана кандидаттарын тарбиялаган. Азыр алар өлкөнүн медицина тармагында эмгектенип келүүдө

11 / 17

Миррахимов СССРдин окумуштуулары менен биргеликте космонавттарды космоско чыгууга даярдоо, учуп келгендерди реабилитациядан өткөрүү иштерине жигердүү катышкан

12 / 17

Миррахимов америкалык окумуштуу Дж. Ривса жана анын жубайы менен. Бишкек шаары, 1989-жыл

13 / 17

СССРдин медицина илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү шахмат ойногонду жана бакчада жумуш жасаганды жакшы көргөн

14 / 17

Кардиология илим изилдөө институтунун директору, СССРдин медицина илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Миррахимов кыргызстандык жана чет элдик кесиптештери менен

15 / 17

I жана III даражадагы Манас орденинин ээси жубайы Неля Юсупова менен эки кыз, бир уулду тарбиялап, өмүрүнүн аягына чейин бирге түтүн булаткан

16 / 17

Миррахимов кардиологдордун бүткүл дүйнөлүк конгрессинде кесиптештери менен

17 / 17

Социалисттик Эмгектин Баатыры, академик Мирсаид Миррахимов 2008-жылы 81 жашында көз жумган. Азыр анын ысымын өзү ачкан Улуттук кардиология жана терапия борбору алып жүрөт

Тема боюнча:
Жашоосун киного айланткан режиссер. Актан Арым Кубаттын сүрөттөгү ирмемдери
Залкарлардын көчүн улап... Даңазалуу комузчу Самара Токтакунованын сүрөттөрү
Окуйм деп борборго бир жумада араң жеткен. Айша Карасаеванын сүрөттөрү
Күчтүү сүрөткер, залкар режиссёр. Геннадий Базаровдун сүрөттө калган элеси