Ленин районуна ЖКнын депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутатты мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Министрлер кабинетине шайлоону өткөрүүгө каражат бөлүп берүү, ал эми БШКга уюштуруу иштери тапшырылды.
Эскерте кетсек, 12-март күнү депутат Жаныбек Абиров ГБРдин кызматкерин сабап салган. Жабырлануучу Улуттук госпиталга баш сөөгү жабыркап түшкөн. Окуяга президент Садыр Жапаров реакция жасап, депутат соцтармак аркылуу элден кечирим сураган.
Башкы прокурор Жогорку Кеңешке Абировду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук сурап кайрылган. Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитет парламентке иштин жагдайын иликтеп чыга турган комиссия түзүүнү сунуштаган. Натыйжада депутаттардын териштирүүчү тобу түзүлгөн.
Кийин Абиров депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган. БШК жыйын куруп мандатынан ажыраткан.
Абировдун мушташы кантип башталганы тууралуу видео тарады