БШК Жаныбек Абировду депутаттык мандатынан ажыратты

Ал болуп өткөн окуядан кийин өзүн кызматта отурууга моралдык укугу жок деп эсептей турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-мартта, Жаныбек Абировду Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатынан ажыратты.
Ленин районунан шайланган Абиров мандатын тапшыруу жөнүндө арызды бүгүн жазган. Ал анын катышуусундагы мушташ коомчулук арасында кызуу талкуу жаратканын, кызматын мындан ары аркалоого моралдык укугу жок экенин белгилеген.
Эскерте кетсек, 12-март күнү депутат Жаныбек Абиров ГБРдин кызматкерин сабап салган. Жабырлануучу Улуттук госпиталга баш сөөгү жабыркап түшкөн. Окуяга президент Садыр Жапаров реакция жасап, депутат соцтармак аркылуу элден кечирим сураган.
Башкы прокурор Жогорку Кеңешке Абировду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук сурап кайрылган. Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитет парламентке иштин жагдайын иликтеп чыга турган комиссия түзүүнү сунуштаган. Натыйжада териштирүүчү депутаттардын тобу түзүлгөн.
Абировдун мушташы кантип башталганы тууралуу видео тарады