Бул сапар Каныкейдин Манастын колу чоң казатка аттанар алдында асыл жар, камкор аял катары Айкөл менен анын чоролоруна камдаган жоо кийимдерин бергенин баяндайбыз.
Каныкейдин кырк калпагы жана кырк тумагы. Манас жана анын жигиттери жолдон кайрылып коштошууга барып, бирок конгула десе болбой кетип жатканынан не айла кыларын билбей, аларды узатмакка бурала басып Каныкей эшикке чыкты. Сыртта отуз-кырктай балбаны турган. Каныкей жанчыкка колун салып, сары алтындан куюлган сапсалгалуу сан ачкычын берип, казынасын ачтырып, бир куржун алып чыкты, анысы атан эмес, пил куржун экен, лөк куржун экен, ыраңы жашыл көк куржун экен. Көп балбан куржунду эптеп көтөрүп келип, ортого койду. Анан Алмамбетке карап "ой, аяшым, сары алтында бедер жок, бу куржундун ичинде нелер бар да, нелер жок" деп айтып, бир-бирден сууруп чыгат. Бээжин ысык жер экенин, ысыгы маза бербегенин айтып, жигиттерге аптап уруп кетсе ал-кубаты кетерин эскерте эң алдын ак калпактарды алып чыгат. Аларды Каныкей кедик койдун тармал жүнүн таза жерге жыктырып, тасмалдатып кырктырып, тогуз жүз кемпир чогултуп, тырмакка салып тыттырып, келинге кесе бастырып, кызга кыя тиктирип, тогуз ай башта кылдатып, уздан узга сындатып анан тиктирген экен. Бул калпакка сайса – найза тешпейт, чапса – кылыч кеспейт, баары алтындан чоктолгон, ар биринин баасы каймал төөдөн өөдө экен. Муну "ысыктуу күндө кийип бак, ышынбай жоого тийип бак" деп Каныкей кырк жигиттин алдына коёт. Калпактан кийин куржундан кырк тумак сууруп чыкты Каныкей. Кыштын күнү кыргыз-кытай урушса, урушуп жүрүп кокустан, жулушуп жүрүп окустан, кулагы түшсө кулжуюп, муруну түшсө мулжуюп, жаман атты болом деп тумак камдатканын айтат. Тумактын ичин суусар менен ичтетиптир, тышын булум менен тыштатыптыр, үч талаа кылып бычтырыптыр, жаактыгын түшүрүптүр, туулганын сыртынан тумчуланып кийгенге, алкымына бүчүсүн айкаштыра түйгөнгө, басырык урушта башынан түшүп калбаганга ылайыктаптыр. Баарына баргек чоктоптур, булардын ар биринин баасы каймал төөдөн өйдө экен.
Каныкей берген ак чүчтө көйнөк, суп дамбал жана кырк чопкут. Калпак менен тумакты кырк жигиттин алдыларына коюп, жеңекелери куржундан дагы бир нерсе алып чыкты. Ак чүчтө көйнөк, суп дамбалды, казатка киер куп дамбалды чоң куржундун түбүнө чогуусу менен салган экен. Бээжинди бекем жер деген, кытайды кылым эл деген, эки жыл, бир жыл жатышса, намыс бербей душмандар көпкө чейин атышса, биздикилердин ак кийимдери кирдеп калса көңүлү чөгөт, бизге көп сөкөт коёт деп кылган ар биринин башына он экиден көйнөк, он экиден дамбал экен, аларды алдыларына коёт. Уруш деген – уруш, согуш талаасында өлмөй бар, өлгөндү ошол жерде көммөй бар. Акыретке бет алып аттанган болсо урушта кемегедей бир жерди кемире чаап оёр деп, кызыл ала боюнча кийимин чечпей коёр деп, мына ошондо кепин тону болор деп кыркына кырк чопкут тиктирген экен, аларын алып чыгат куржундан. Чопкуттарды бирин узун үлгү, бирин орто, бирин кыска үлгү кылып тиктириптир, мурда ар биринин нускасын алып койгон экен, ар бирине атаптыр. Анан да Анжы менен Манжыга, Кара-Шаар Камбылга, Чын-Мачынга, Кумулга соодагер жиберип, бир мыскалы миң дилдеден кыйбат баа кырмызы алдырыптыр. Ошол кырмызыны кыргыздын миңинен, ногойдун миңинен алтымыш келин, кырк кыз тандаптыр да, аларга алты кабат курдатып, кырк бир күндөн шырдатып, жакпаганын сөктүрүп, табак-табак болотко албарс эгеп аралаш, арасына төктүрүп, ичине ок солоп ичти-тышты сегиз тон, жака, жеңи тегиз тон кылыптыр. Бул тондордун ичи кадек, сырты бөз, тышы торгун, атлас, жакасы алтын, жеңи жез, калыңдыгы жарым кез. Тондордун ар биринин жакасына кат коюптур, аларга бул тондун ээси ким экени жазылыптыр, кокус болсо кат тааныгандары окуп беришет да, ким экенин билишет.
Кырк баатырга кырк чалбар жана кырк өтүк. Кырк чорого кымбат баалуу шым тиктирген экен, анысын алып чыкты Каныкей. Даңдуң-Баштын текесинин териси калың деп угуп, сырты кара зор текеге Абыкени баш кылып алтымыш мерген жиберип, алар көзгө гана атып, терини бузбай алып келет. Кургатканда терисин, күндүн жүзүн чалдырбай ак сандыкка каттырып, ашаткысын алты ай жез челекке жаткырып, алма кабык алдырып, дагы алты ай малма салдырып даярдайт. Анжияндан сарт боёкчу келип боёп берет, Арууке токсон кызга баш болуп, тогуз ай иштейт. Ичине булум ичтеген, багалегин бүтүн тиштеген бу чалбардын ийи чала калбасын деп алтымыш балбанга ийлеткен, жылан боор бүктүргөн, болот эгеп ширеткен, тиштегени да, бүктөгөнү да билинбейт. Бүткөндөн кийин сыноо үчүн сыр бараң атса – ок өтпөйт, табылгы жакса – чок өтпөйт. Ар бир шымдын чын баасы – жети тайлык. Каныкей Бээжин деген ысык жер экенин, кумга койгон кумганы куркурап кайнаганын угуп, жигиттерге ысык өтүп кетсе, бойдон кайраты кетер деп алтын берип аябай, багыландын булгаарысын алдырыптыр, Алымсокту баш болгон жүз өтүкчүгө кырк өтүк ултартыптыр. Аны алтындатып чордотуптур, айнегине күмүш орнотуптур, такасынын кыюусун тасмал менен куратыптыр, таманынын баарына сары алтын салып буратыптыр, такасынын ичин ойдуруптур, таманын калың койдуруптур, кош жылаажын салдырыптыр. Өтүктөрдүн жай киерине барчадан байпак жоролуу, ак кадек чулгоо оролуу, кыш киерине түлкү байпак жоролуу, дүрүйө чулгоо оролуу экен.
Кырк жигитке – кырк кемер кур жана жанына салып жүрөр буюмдар. Капыр менен мусулман маңдай-тескей турушса, мылтык атып, жаа тартып былчылдатып урушса жебенин огу кыркырап, жетип тийсе зыркырап, тийген жери быркырап, кан төгүлсө шыркырап жигиттерге белин бекем байлаарга кур керек деп алдыларына кемер кур койду. Анын аяк жагы табарсыкты чаптайт, жогору жагы жүрөктүн ай балкасын каптайт. Кемер жаркыраган нак алтын, бир жиги билинбейт, көзү көөхар таш. Бул жигиттер эки жылбы, бир жылбы эрикпестен атышса, куржунга колун салса, октору түгөнүп калса, колу уялып калбасын деп сексен төрт чанач дары даярдаган экен, анысын берет, жүдөгөн жерде деп дагы жүздөн огун берет, оттук, бычак, белбоо, эки миздүү тинте берет, элүү кулач милте берет.
Манастын жубайына ыраазы болуп, касам ичиши. Каныкей куржундагыларын берген соң кырк жигиттин бири ичтен арам ойлосо, көбү ыраазы боло ырахматын айтты. Манас бу Каныкей катындын, буластаган капырдын ушу сөзү чын болсо, ургаачыдан тың болсо, мындан кийин "атаң", "анаң" дебеске, артылта камчы салбаска, артынан күнү албаска убада кылып, "ушул убадам бузулса мени Аккелтенин огу урсун, көк милтенин чогу урсун" деп касам ичти. Катындан эми көөнү тынгандай болду. Жигиттерин караса – баары турат. "Не турасыңар, жөнөгүлө" деди баатыр аларга буюра.
Кырк жигитке – кырк бедөө ат. Манастын буйругун угар менен биринчи болуп жаадай учуп Тазбаймат чыгат, анан Кыргыл баштап кыркы тең сыртка чыкса, кырк чорого кырк бедөө байланып туруптур. Алардын соорусуна жолборс үртүк жаптырыптыр, дилде жүгөн каттырыптыр, куранды ээр токутуптур, кундуз көрпө төшөтүптүр, мамык жаздык арттырыптыр, басмайылды үчтөн тарттырыптыр. Ал аттар ок жыландай сойлошот, ооздугун чайнашат, оттой көзүн жайнатат. Ар биринин кол канжыга башына бирден доол байлатыптыр, доолдордун билериги баары алтын, билезиги сары алтын, сары алтынга саптаган, пил терисин каптаган, чымын тийсе чыңк эткен, чыбык тийсе кадимки мылтык аткан эмедей кулак тундуруп зыңк этет. Аркасына бөктөрүп соот-күрөөкө илиптир. Бороондуу күнү суук өтпөс, жаандуу күнү суу өтпөс, чыйырчык алтын чымчык көз, чың бадана торгой көз, торгой көзү жыбырап, тоок көзү шыбырап, машанын мурду батпаган, чиркейдин мурду өтпөгөн, айга салып караса алакан жүзү көрүнбөс, ак күрөөкө торгой көз, жакасы алтын жапмалуу, топчусу көөхар такмалуу, канжыгадан өткөрүп, кас буудандын баарына бирден соот бөктөрүптүр. Кырк баатырга берилген аттар бири-бирине коёндой окшош экен.
Баатыр жөнөп калганда... Үйдөн Манас жети кадам басканда жары аны токтотту, кийимдерин үстүнөн сыйрытты, жарданып карап тургандарга аларын кара торпок кылып кескилеп таратты. Анан сары улакты садага чаптырды. Жетим бала башына муштумдайдан жамбы ыроолоду. Карылар турду дуба кылып, катындар турду, энелер турду көз жашы кылып. Алар көздүн жашын имерип, баатырга ак жол каалашты. Манас атына минди, бир кудайга зар айтты, пил баштаган нар айтты. Ошол кезде Саламат уулу Кыргыл чал доол кагып ийди. Кылымдын көзү жаш болуп кырааның Манас баш болуп, дарбазанын тышына чыгышты. Бир убак кырмызы жоолук колго алып кошо чыккан Каныкей күкүктөй үнүн зыңк эттирип "аяш, бери токто" деп, Алманбетке кайрылды. Алмамбет токтосо, Манас да токтоду, жалпы жигиттер туруп калды. Каныкей көзүн жаштады, кайгылуу сөзүн баштады: "Ат кубаты жал менен, адамдын күчү мал менен, аарынын күчү бал менен, айымдын күчү кан менен, булуттун күчү жел менен, буудандын күчү тер менен, улуктун күчү эл менен, дыйкандын күчү жер менен, кыяндын күчү сел менен, катындын күчү эр менен, таянар жалгыз төрөмдү, жаман жоого жөнөлдү, жанын тирүү көрөмбү, айрылып алып арстандан арманда бойдон өлөмбү", — деп келип, сүйүп мээрим канбаганын, аркасында баатырдын сүйөнөр туяк жоктугун, алдейлээр перзент калбаганын айтат, өзүнүн болсо баркыратып ыйлатып, баланын үнүн укпаганын, безилдетип ыйлатып берзенттин үнүн укпаганын айтат. Сиз эми кара курттай жоо болсо, камоодо төрөң токтолсо окко уруп өзүңдү, каралашарсың деп баатыр жарынын өмүрүн ал аяшына тапшырат.
Алмамбеттин айтканы. Жеңесинин бул сөзүнө Алмамбет арстан Манас жалгыз эместигин, жайнап жаткан көп кыргыз Манастыкы экенин, энеси бөлөк нечөө тур, жергеси бирге жетөө тур, Абыке, Көбөш тур деп айтып келип, бул сөз өзүнө тийгендигин, анын арманы тоодой экенин, сөөктөш кытай эли, жергесин сураар жээни, таянарга тайлары, бөлөктү койгондо да бөлөсү, эңкейип кетсе жөлөгү, артынан караар иниси жогун айтат. Ушинтип-ушинтип арманын айтып кыраан Алмаң кырк баатырды муңайтты. Капа болуп чоролор насыбайларынан бир атымдын урушту. Шо кезде кара жаш келип көзүнө, Арууке бейбак айтты кеп: "Болжолун билбей тим жүргөм, боюмда бар бир күмөн, майыштың ыйлап бала үчүн, аян кылам анүчүн, боздодуң ыйлап бото үчүн, болор болбос бир күмөн, болжой албайм шонүчүн", — деп. Анан Каныкей аяшы Алмамбеттен отуз түмөн кол менен баратасыңар, Бээжин канча күндүк жол экенин, качан барып, качан келерин, артык да, кем да айтпашын сурайт. Алмамбет ары карай Бээжинге үч ай токсон күн экенин, Уркун улуу дайрадан кечип, Эрименин боз чөлүн басып, быткыл-быткыл көп көлгө жетип кыштап, анан ат кара тил болгондо, тогуз айга толгондо Бээжинден чалгын чаларын, алты ай уруш саларын, андан соң үч ай жол жүрүп, бир жарым жыл болгондо, он тогуз айга толгондо кайра кайтып келип калышарын айтат. Ошол чакта Кыргыл доол салып, адамдын баары буркурап, аргымак аттар арымдап, ала байрак дарылдап, алтындуу калкан жаркылдап, ала байрак жалпылдап, туулга башта жаркылдап, тулпарлардын туягы жерге тийсе тарсылдап, белде кылыч шаркылдап, күрөөкө соот жылтылдап, Эр Манастын колу Бээжинге аттанды...