Жаалданган эл, Акаевди бийликтен кетирген ыңкылап. 24-марттагы окуянын сүрөттөрү

Мындан 18 жыл мурда Кыргызстанда "Жоогазын ыңкылабы" болуп бийлик алмашкан. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул саясий ири окуядагы кайдыгер калтырбаган ирмемдерди сунуштайт.
Sputnik
Кыргызстанда 2005-жылы 24-мартта биринчи ирет бийлик күч менен алмашып, президент өлкөдөн качып кетүүгө мажбур болгон. Ага чейин март айынын башында элдик толкундоолор Жалал-Абадда башталып, кийин башка бардык аймактарга жайылган. Ал эми 24-мартта оппозиция өкмөт үйүн басып алып, Аскар Акаев үй-бүлөсү менен Россияга чыгып кетүүгө мажбур болуп, түнү бою борбор калаада мародерлук күч алган.
Бакиевдин учурунда 24-март — Элдик революция күнү деп майрам катары белгиленип келсе, 2012-жылы бул маанилүү дата майрам деп белгиленбей калган. 2016-жылы эскерүү күнү катары жарыяланган.
1 / 21

Президент Аскар Акаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган жарандар. Жалал-Абад шаары, 2005-жыл 23-март.

2 / 21

Элдик толкундоолор өлкөнүн көпчүлүк шаар, район борборлорунда болуп өткөн. Ош шаарында бийликке каршы чыккандар Акаевдин портретин айрып жатышат. 2005-жылдын 21-марты.

3 / 21

Бийликке каршы чыккан митингчилер, аларды сүрөөнгө алган атчан активист

4 / 21

Өлкөдөгү коомдук тартипти милиция кызматкерлери сактаганган аракет кылып, митингчилер менен погончондордун ортосунда кагылышуулар болуп кеткен

5 / 21

Митингге чыккан жүздөгөн адам Аскар Акаевдин күйүп жаткан сүрөтүнүн алдынан өтүп келе жатат. 2005-жыл 21-март, Ош шаары.

6 / 21

Коомдогу курчуган абалда республикада бир катар имараттар талкаланып, өрттөлгөн. Жалал-Абад шаары, 2005-жыл, 23-март.

7 / 21

Бишкекте митингге чыккан оппозициянын бир топ өкүлдөрү кармалып кеткен

8 / 21

Аскар Акаевдин отставкасын талап кылгандар

9 / 21

Митингчилерге толгон "Ала-Тоо" аянты. 2005-жылдын 24-марты

10 / 21

Курманбек Бакиев 2005-жылы марттагы митингдерди баштап жүргөндөрдүн бири болуп, кийин ал Акаевдин ордуна келген

11 / 21

"Ала-Тоо"аянтындагы атайын даярдыктагы аскерлердин алдына чыккан аял

12 / 21

Жаалданган эл менен укук коргоо кызматкерлеринин кагылышы

13 / 21

"Ала-Тоо" аянтында 24-мартта бир нече автоунаа күйгөн

14 / 21

Каршылык акциясына чыккандардын бири ошол убактагы өкмөт үйүнүн чатырына өлкөнүн мамлекеттик желегин орнотууда

15 / 21

Митингчилердин Ак үйдү басып алгандан кийинки эмоциясы

16 / 21

Сооттолгон аскердик техниканын үстүнө чыгып алган митингчилер

17 / 21

Жүк ташуучу автоунаанын үстүнө чыгып алып митингчилерге кайрылган Алмазбек Атамбаев. 2005-жыл 24-март.

18 / 21

Оппозиция өкүлдөрү Аскар Акаевдин иш бөлмөсүндө. Ортодо отурган коомдук ишмер, экс-акыйкатчы, ошол кездеги укук коргоочу Турсунбек Акун

19 / 21

Аскар Акаевдин бийлиги кулатылгандан кийин Бишкекте талап-тоноочулук күчөгөн. Ошондо элдик кошуундун өкүлдөрү мародерлорду кубалаган.

20 / 21

Митингчинин Ак үйдүн терезесинин баш бармагын көрсөтүп, бир колуна каска көтөрүп, ыраазы болуп турган учуру

21 / 21

Мародерлор өрттөп жиберген кытай соода борборунда калган эмеректи сыртка алып чыгып жаткандар. 2005-жылдын 25-марты.

Тема боюнча:
Япондорго илбирс ичик жаап... Бүгүн Тышкы иштер министрлигинин түптөлгөн күнү
Залкарлардын көчүн улап... Даңазалуу комузчу Самара Токтакунованын сүрөттөрү
Окуйм деп борборго бир жумада араң жеткен. Айша Карасаеванын сүрөттөрү
Көчөт тигип, жер айдап, көчкөнгө камынган кыргыздар. Жаздагы жылуу сүрөттөр