Манастын колу аттанып Бээжинге бет алышы. Улуу баяндан 7 факт

Кыргыз-казак топтолуп кылым уруш башталар күн жакындап калганын баары ичтен купуя сезет. Бул саам Манастын Чоң казатка аттанышынан баян этмекчибиз.
Sputnik
Баатырдын баарыга айтар буйругу. Манас баатыр калың колго: "Алтайдан бери айдап келип баккан малымды ушул баарыңа таратамын, аралдагы жылкыдан бирден тандап мингиле, кош башына бир айгыр кош тартууга коюңар, кош башына бир байтал коштоп келип союңар" деп айтат. Кырылып калсак кытайдан ушул жылкымдын тиги дүйнөгө барганда доосу жок деп буйрук угузат. Ушинтери менен алтын доол кагылды, жабалактап тургандар аралдагы малга карай жабылды. "Жаның жайыл, Манас деп, балаадан болсун калас деп, учуң узар, Манас деп, ушун үчүн эр экен, укумда жок неме экен" деп карыясы кампаңдап, дуңчулардын баарысы атка минди дампаңдап. Анан атка мине салышып, укуруктарын алышып, эр башына бирден ат тандашып, кош башына бирден айгыр кошуп, бирден байтал союшту, колдун баары тоюшту. Бирөө жүрөт кең соорусу даңкайган, азуулары аркайган күлүк тийди деп, бирөө жүрөт салып кетсе – шамал жел, өзү шаңдуу коён бел, жакшы болду жолго деп, жоргосу тийди колго деп, дагы бирөө куру суктук – бекер го, доолап калса не кылабыз деп алдындагы аты чын эле өзүнүкү болуп калганга ишенбейт. Кээси мойнуна чалма салышып азоону кармап алышып, анысы боолугун бир үзүп, кармачу кишини тээп жолотпойт. Бири үйрөтүп мине коём деп, ат үстүнөн кулайт. Кызыкты көрүп күлүшөт, түгөл баары жылкылуу болуп жүрүшөт.
Манастын жоого аттанар күндү белгилеши. Эл ошентип атканда Арстан Манас алты нөкөр жолдошу менен колду аралап келди. Төштүктүн элин кыдырып, Жамгырчы колун саралап, Музбурчак тобун аралап, Көкчө колу менен Үрбү тобун көрүп чыгып, кырк жигиттин башчысы Кыргылдын эшигине жетти. Жетер менен алтын доол урду, доол үнүн эшитип Кыргылы чыкты жүгүрүп, ызаат кыла бүгүлүп. Ошондо ага карап Айкөл айтат: "Кырктын башы Кыргылым, кылымды жеңген дыңгылым, жаттыңызбы жамбаштап, турбайсыңбы туу аштап, копбойсуңбу кол баштап, жүрбөйсүңбү жол баштап, эгизиң Бакай карыңа айт, бүгүндөн калбай барып айт" деп сапарга чыгар күндү белгилейт. Ал күн – атка минсе оң күнү, аттанып чыксын чоң күнү, сапарга чыксын оң күнү, тараза-мыйзам чоң күнү. Баатыр ушул сөздү айтып, дөөлөт күтүп өз ордо үйүнө кайтты.
Кандардын Манаска келип максатын айта албай туруп калганы. Улуу баяндан 9 факт
Колдун катарлаша жөнөшү. Эртеңки таң атканда супа садык чалганда, чыгыш тарап саргарып калганда, Эр Бакай атына минип, алтын туусун жаркылдатып, асабасын жалпылдатып жөнөдү эле артынан жүз миң аскери ээрчиди. Соңунан желеги алтын туу менен, жер жарылган чуу менен Эштектердин Жамгырчы жол алды, катарлаша Эр Төштүктүн колу чыкты, артынан Үрбүнүн кара кыргыздары катардан калбай кошулду. Бир убакта өзөндүн чаңы буркурап, өзүң көргөн көп казак өлөңүн айтып чуркурап Көкчөнүн колу жөнөдү. Кийин курун селде чалынып, куржундарын салынып, кудуретке жалынып, алтын айчык туу тартып, Азирет деп чуу тартып, Анжиандын Санжыбек аскери жол алды. Артында чыңыроо тартып жез найдан, кулак тунуп сурнайдан, керней үнү бапылдап, сурнай үнү такылдап, туу көтөрүп калкылдап Буудайыктын Музбурчак колу кошулду. Булардан соң найзанын учу жылтылдап, аскердин башы кылкылдап, жер союлуп былкылдап кырк чоронун аскери барат. Бир убакта алтын сарай коргондон, Акылайдын ордодон Арстан Манас баатырың атка минип акыры, жарагын белге чалынып, жаратканга жалынып, бир кудайга зар айтып, бил баштаган нар айтып жылып келе жаткан тоо болуп, самаганы жоо болуп чыкты дөөлөт-шаң менен.
Манастын каарданып кабыгынын бүркөлүшү. Чубалган кол чаң чыгарып, баскан жолдорун оёо тешип бөксө жол Бөкөй белине, бөлүнүп кеткен жерине, кара жол Каңгай белине, кайрылып кеткен жерине жеткенде балээ басты баатырды, астыңкы эрди албайып, үстүңкү эрди калбайып, оозунан чыккан сөзү жок, өзүнчө эле түктүйүп оёндун келди ачуусу. Аттанганыбыз алыс жол болсо, мунун айтпай-дебей кабагын бүркөп атышы неси деп кырк баатырдан баарысынын санаалары бузулду, таноолору кысылды, тер боюнан сызылды. Бу канкордун оюнда жүргөнү – отуз түмөн кол эле, урушка чыга турган жагы – орчун Бээжин жол эле, эми колдун саны жүз миңден отуз жык толсо да, кармашары алдыда – Каканчын, барар жолу – Бакбурчун болсо да неге мынча сумаят да, неге ачылып сүйлөбөйт деп күбүрөшүп калат жанындагы жакын жүргөн жигиттер.
Алмамбеттин Манаска келип аманат сөзүн айтышы. Ушинтип ачуусу келип, түн түнөргөндөй түнөрүп турганда, кашына эч ким басып бара албай жатканда, алдына бир гана Алмамбет бастырып келди. Келди да, аманат сөзүм бар эле деп оңунан келген иш эле, сарамжалга карк толгон саа ылайык киши эле, олуя кандын кызы эле, оймоктуудан уз эле, Кара кан кызы Каныкей, ордосуна барсак деп, оң батасын алсак деп айтып салат. Муну угуп Эр Манас арсаңдап күлүп, каалгадай кашка тиш, калайыктан башка тиш кашкайып чыгып алыптыр, каткырыгын салыптыр. Тыңшай калган кырк жигиттин берлери "катын жандуу канкор" деп, "кара күчкө күлгөн анткор" деп Манасты алдырттан жактырбай карашат. Болбой эле жеңебизге баралы деп катар туруп кырк баатыр Анжиандан алдырган, сагаса күлүн салдырган, тартса кумар кандырган, кара мурчтан буулаган, калемпир менен суулаган, тарткан адам дуулаган шалдыркандуу чакчаны колдоруна алышып, алаканга салышып, насыбайдан өлө тартышып капкасы алтын коргонго, Каныкейдин ордого жөнөштү.
Элчилердин Манаска барышы, Айкөлдүн сүрү. Улуу баяндан 8 факт
Каныкейдин Манаска салган суроосу. Күйөөсүнүн Бээжин жолго чыгарын уккан Каныкей келбей кантип кетер деп, келбесе иши бекер деп ойлоп, айылга кабар салыптыр, ак жоолуктуу зайыптан арбын жыйып алыптыр, сөзү жатык ширинден, акылы артык билинген кызыл мүнсөк, кымча бел, кыпылдаган тасма бел, кынай бууган бек белин кырк келин Манасты тосуп туруптур. Атлес көйнөк шоодурап, айнектей көзү жоодурап, жыпар күңкүп, жез бурап турган келиндерден мурда баатырга Каныкей беттеп барыптыр. Анан ай тамагын кылайтып, ак булчуңун булайтып Арстан Манаска мындай дейт: "Сапарга чыксаң жол болсун, баатыр, жараткан эгем колдосун, баатыр, кылган ишиң күч болсун, баатыр, самаган душман түз болсун, баатыр, сапарга барган сай кашкаң аз болгондо санаты сайган аты жүз болсун, баатыр, салынганы киш болсун, баатыр, заман акыр журтуна айтылгандай иш болсун, баатыр, атка минип оң күнү, аттаныпсыз чоң күнү, сапар кылып чоң күнү, тараза-мыйзам оң күнү, алтын айчык кызыл туу асмандатып аштапсыз, баатыр, аскерди арбын баштапсыз, баатыр, жетим уул, тул катын жергеңди караан таштапсыз, баатыр, казаттан болсун жолуңуз, баатыр, катын да болсок угалы, баатыр, кабарын айтып коюңуз, каякка жүрдү колуңуз, баатыр?"
Алмамбеттин Каныкейге айткан жообу. Баатыр Манас зайыбына сөз айтууга оозун жыйганча, андай-мындай дегенче Эр Алмамбет кайыптан сөз таап, Каспаңдын кара тоосунда, капкалуу Бээжин оозунда, Чок-Табылгы жайлаган, чоң кара атын байлаган, жоо дегенде шайланган, алтымыш жайсаң иниси, Алооке кандын кенжеси, Калдайдын уулу капырга, Кан Коң төрө баатырга каршы урушка бара жаткандарын, жолдо ага учураша кетүүгө бурулганын айтат. Ошол кезде "амансыңбы, жеңелеп" кырк баатыр кыргый тийгендей кыйрап аттан түшө баштаганда карап турган кырк кенизек жүгүрүп кырк бедөөнү жылоолоп, кыркын бирдей түшүрдү. Арасынан Аккуладан калдайып Манас түшсө, аны Каныкей алды да, шапа-шупа атын бат байлап, эликтей түйүлүп, эшик тартты баатырга. Артынан Кыргыл баш болуп кырк жигит ата улуулаша кирди. Каныкей бир ымдоо менен жекендос жерден алдырып, баяндос мамык салдырып, алтындуу күрсү койдуруп, ак боз бээ сойдуруп, ашап алып кетсин деп, нарын тартып койдуруп мейманчылыгын баштады. Кырк жигит кымыз ичти кызышып, чекеден терин сызышып, баланчаны сойдум деп, баланча жоону өлтүрүп, башын кесип койдум деп, баланчаны алдым деп, балан жерде мен да бир баатырлык кылып салдым деп мактанып кеп салышты. Калп айттың деп ага башкасы каршы чыкты. Чурулдашып турганда Каныкей келди арага, "булар кырк чоро эмес, кырк жоро" деп, басташып душман жеңбеген, барса келбес жер деген, уругу кытай улуу журт, көптүгүн көрсөң кара курт, кылым кытай эл деген, кыяматка жеткенче кылайып душман жеңбеген, кыйын жоого бет алып бара жатканын айтып, эми силердин алыс болор сапарыңар, кара жан үчүн киерге, кажыбай жоого тиерге сарпайы кийит жабайын дейт. Каныкей аяшы Алмамбеттен "консоңор конок камын кылайлы" дегенде, ал калктан бөлүнүп кырк баатыр кала албастыгын, "казат – улуу жол болот" деп токтолбой чыга берерин айтат.
Mанастын Бакайга кандыкты, Алмамбетке жол баштоону бериши. Улуу баяндан 7 факт