Залкарлардын көчүн улап... Даңазалуу комузчу Самара Токтакунованын сүрөттөрү

Бүгүн — белгилүү комузчу, СССРдин эл артисти Самара Токтакунованын туулган күнү. Sputnik Кыргызстан 78 жаштагы залкар инсандын сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Самара Токтакунова 1945-жылы 9-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы комузда, энеси ооз комузда мыкты ойногондуктан кичине кезинен музыкага жакын өскөн. Элеттеги мектепти аяктаган соң чыгармачылыкка жакын өспүрүмдү апасы Фрунзеге алып келип музыкалык училищенин комуз бөлүмүнө тапшырткан. 15 жашында эле Токтогул Сатылганов, Ыбырай Туманов, Карамолдо Орозов, Мураталы Күрөңкөев, Атай Огонбаев, Шекербек Шеркулов өңдүү залкарлардын күүлөрүн чертип чоң сахнага кадам таштаган.
Токтакунова 1972-жылдан бери бир комузду чертип, жалпы 56 жыл оркестрде ойногон. СССРдин эл артисти чыгармачылыгынын аркасында дүйнөнү түрө кыдырып, эл аралык сынактарга катышып, концерт коюп кыргыз элин тааныткан. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында шакирттерди тарбиялап келди, азыр эс алууда.
"Камбаркан" фольклордук тобунун түптөөчүсү Чалагыз Исабаевге турмушка чыгып 26 жыл бирге өмүр сүрүп, эки уулду татыктуу тарбиялаган. Бир баласы Актан Исабаев эстрада жанрында ырчы-аткаруучу, экинчиси Аслан АКШда скрипка боюнча сабак берип эмгектенет.
1 / 16

Комузчу 15 жашынан баштап кесиби боюнча иштей баштаган

2 / 16

16 жаштагы Самара Токтакунова менен 20 жаштагы Сардарбек Жумалиев. Фрунзе шаары, 1961-жыл.

3 / 16

Токтакунова "Камбаркан" фольклордук тобунун курамында узак убакыт эмгектенген

4 / 16

Чыгармачыл инсан ооз комуз да каккан. Сүрөттө солдо турган Кыргыз ССРинин эл артисти Нуржамал Таабалдиева, ортодо СССРдин эл артисти Самара Токтакунова жана оң жагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Айша Базарбаева. Фрунзе шаары, 1981-жыл.

5 / 16

Самара Токтакунова менен Чалагыз Исабаев. Экөө Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде табышкан.

6 / 16

Ортодо комузчулар ансамблдин жетекчиси Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Чалагыз Исабаев, оң жагында жубайы СССРдин эл артисти Самара Токтакунова, сол жагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, комузчу Айша Базарбаева.

7 / 16

Төрдө отурган "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин негиздөөчүсү Чалагыз Исабаев, анын сол жагында жубайы, СССРдин эл артисти Самара Токтакунова жана уулу Актан Исабаев. Фрунзе шаары, 1987-жыл.

8 / 16

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты оркестрде 56 жыл комуз черткен

9 / 16

Биринчи катарда солдон үчүнчү турган концертмейстер Евгения Баялинова, төртүнчүсү — балерина Рейна Чокоева, бешинчи — ырчы Ирина Деркембаева, алтынчы — Самара Токтакунова. Экинчи катарда солдон биринчи турган композитор Насыр Давлесов, экинчи — балетмейстер Берик Алымбаев, акыркы турган — ырчы Асек Жумабаев. Канада, 1967-жыл.

10 / 16

Комузчулар ансамбли. Солдон биринчи Самара Токтакунова.

11 / 16

СССРдин эл артисти комуз чертип ондогон өлкөгө концерт коюп барган. Комузчу атактуу космонавт Юрий Гагарин менен. Москва шаары, 1962-жыл.

12 / 16

СССРдин маданият күндөрү. Оң жакта экинчи турган Самара Токтакунова. Швейцария, 1981-жыл.

13 / 16

Музыканттардын үй-бүлөсү. Скрипкада ойногон Аслан Исабаев, фортепианода Актан Исабаев, экөөнө көз салган Самара Токтакунова.

14 / 16

Залкар талант узак убакыттан бери Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында жаштарга тажрыйба бөлүшүп иштеп келет. Сүрөттө кесиптештери менен.

15 / 16

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун колунан сыйлык алуу учуру, 2019-жыл

16 / 16

КРдин эл артисти, II жана III даражадагы Манас орденин кавалери 78 жашка толду. Сүрөттө залкар талант мурдагы маданият министрлери Кайрат Иманалиев менен Азамат Жамангулов менен.

Тема боюнча:
Окуйм деп борборго бир жумада араң жеткен. Айша Карасаеванын сүрөттөрү
Ат үстүндө комуз чертип, обон созгон кыргыздар. Архивдик сүрөттөр