БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Россиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков Түркияга барган кыргызстандык куткаруучулардын эмгегине жогору баасын берди.
"Кырсыктан 13 күн өткөндөн кийин кыргызстандык куткаруучулардын аракети менен үч киши тирүү табылды. Бул керемет эмей эмне?" — деди ал министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугуп жатып.
Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, тараптар эки ведомствонун өз ара аракеттенүүсү, өзгөчө кырдаал жаралган учурдагы жумуштарды координациялоо багытындагы иштерди талкуулашты.
Жапаров эки өлкө ведомстволорунун кызматташуусу улам жакшырып бара жатканына токтолсо, Куренков Кыргызстан Россиянын маанилүү стратегиялык өнөктөшү жана союздашы экенин белгилеген.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын ӨКМи Түркияда эки жума бою издөө-куткаруу иштерин аткарышты. Бул убакыт аралыгында уранды алдынан 8 тирүү адамды, 200гө чукул сөөктү алып чыгышкан.
Баса, Sputnik агенттиги кыргызстандык куткаруучулардын бири Арзыбек Кубатбек уулу менен баарлашып, ары кубандырган, ары көзгө жаш алдырган учурларды укту.