Алайда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Түндө Ош облусунун Алай районунда жер титиреди. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.
Ага ылайык, 28-февралдын түнү саат 01:36да Кытайдын аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен силкинүү катталган. Анын эпкини Алай районуна дагы тийип, Нура айылында 4 балл, Эркеч-Там жана Икизяк айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.
Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
Таңда Кыргызстанда эки ирет жер титиреди