Канатчан асылдар жарыгын чача берсин. Кишинин турпаты, сүрү, сөөлөтү деген эмне?

Кишиге карап көңүл буруп калсак, ой чаргытып баа бере билүү баарыбызда бар. Ошо кишини адеп көргөндөгү көрүнүш тууралуу кеп салып көрдүм дейт Шаакан Токтогул
Sputnik

Тизгин жаяр

Тааныш-тамырыбыз, дос-жарыбыз, жоро-жолдошубуз, курбу-курдашыбыз, мекендешибиз, замандашыбыз кимисине болбосун бет келишкенде, адеп көргөндө, жаңыдан таанышканда же көп убакыттан кийин жолукканда, айтор, кандай жагдай шартта болбосун көз салабыз. Сын же баа беребиз.
Сын берүү жана баалоо ким-кимибизде түрдүү багытта жана түрдүү деңгээлде өнүккөн. Кээ бирөө адамдын турган-турпатына, сырткы келбетине, кийим-кечесине, анын сапатына, баасына көз салат. Башкасы болсо киши катары антропологиялык өзгөчөлүктөрүнө, дене-мүчө түзүлүшүнө баа берет.
Чанда гана киши башканын жан дүйнөсүнө өңүп кирип, өзөгүн байкай алар, баалай алар. Арабызда мындай көрөгөч, көсөмдөр да жок эмес.
Табиятыбыздан улам, киши болуп жаралганыбыздан улам таанып-билүү, баалоо, баа берүү кадыресе көрүнүш. Антсе да азыркы моралдык баалуулуктар сын берүү, баа берүүнү башка кишинин жеке өзүнө тийиштик кылуу катары айыптап келет. Анысы да туура, анткени баалоо – басынтууга, сын берүү – сын тагууга айланып аша чаап кеткен жагдайлар да арбын.
Антсе да бир көз караш менен баа берүүдөн, сын берүүдөн улам пайда болгон түптүү түшүнүктөр бар. Бүгүнкү макаламда ушул тууралуу кеп салууну эп көрдүм.

Адегенде эмне көрүнөт?

Албетте, алыстан караан көрүнөт. Жакындап келгенде турпаты көрүнөт. Бирибиз сөөлөтүнө, бирибиз турпатына, бирибиз сымбатына, дагы бирибиз жамалына, башкабыз ажарына назар, баам салабыз. Дит багып карагандар, ач-ток назарын билип-билбей салып койгондор да бар. Көз салабыз, керек болсо сөз салабыз. Көөнүбүзгө жакса көңүл бурабыз. Бирибиз чындап сезим менен, бирибиз көкүрөк туюм менен, башкабыз адамдык алсыздык менен, дагы бири арсыздыгы менен баа берип баштайбыз. Аны, албетте, эрксизден жасайбыз. Бирок баа берүүдө аң-сезимге, башкабыз акылга таянабыз. Ошого жараша тыянак дагы тереңинен же үстүрт болуп калмагы бар.

Кишиге болгон көз караштын түрү

Көз салуу. Киши каршысындагы кишиге анчейин маани берет. Бир же бир нече жолу кароо менен чектелип, бир азга ой токтотот. Жыйынтыгында кебете-кешпиринен, кийим-кече, турган-турпатына чейин үстүрт түшүнүк пайда болот.
Көңүл буруу. Киши көңүлү каршысындагы кишиге бурулуп, маани берет. Бир азга токтоп карайт. Ал тууралуу (сырткы көрүнүшү, жашы, кийими, адамдыгына, кебете-кешпирине) кеңири ой токтотуп, кадыресе шашпай баам салат. Кийим-кечеси, бет түзүлүшү, сүйлөсө сөзүнө чейин маани берип, ал киши тууралуу ой жоруп өзүнчө "мындай киши экен" деп тыянак чыгарат.
Назар салуу. Каршысындагы кишиге ашкере көңүл буруу, мээримин салуу. Назар салуу үчүн ал кишиге карата терс ой, ач көздүк болбошу керек. Агер андай боло турган болсо, назар – ач назарга айланып, назар өтүп, назар салынган киши жүк басып, ооруп калган да жагдайлар бар. Дегинкиси назар салууда каршысындагы кишинин дилине, ички дүйнөсүнө баам салынып, анын жакшы мүнөз-сапатына ийип, жакшы көрөт.
Күч-кубатка табынып аял багын, мээримге жалынып эркек кутун табат. Бүлө күтүү

Сырткы көрүнүшкө карай сыпаттамалар:

Элес. Алыс-жакын кишилерибиздин эсибизде сакталып калган бир көрүнүшү. Ал көрүнүш ошол кишини эстегенде, ал киши тууралуу сөз болгондо же ой чабыттаганда көз алдыбызга тартылат.
Караан. Ким экени билинбеген кишинин бүдөмүк көрүнүшү. Алыстан келе жаткан же бараткан, күүгүмдө же караңгыда турган кишини караанынан киши деп билип, бирок анча тааныбай калганда карааны деп айтууга болот.
Сүлдөр. Дененин өзү. Жаны жок, сезими жок, жашоо ыракаты, тирүүлүк кумары жок. Дегеле, кишилик шааниси жок…
Сөлөкөт. Силуэт. Сырткы дене түзүлүштүн күңүрт көрүнүшү.
Турпат. Толук тулку бой. Туруп тургандагы кишинин көрүнүшү.
Сымбат. Кишинин жарашыктуу мүчөсү, турган турпаты. Кишинин сыны анын сырткы сулуулугу эмеспи. Ал эми сымбаты өз тулкусу менен сырткы сулуулугунун айкалышып туруусу. Сынына батуу, сыюу. Сымбатсыз киши – демек, сынына батпаган, сыйбаган киши (ашкере семирип, сынынан чыгып кеткен, сынына батпай калган).
Жамал. Кишинин жүзүндөгү нуру, көзүндөгү мээрими. Жылдыздуу жүзүнүн адеп карагандагы көрүнүшү.
Чырай. Ички жан дүйнөсүнүн жана сырткы сулуулугунун айкалышып жарашып туруусу.
Ажар. Кишинин аурасы же энергетикасынын көрүнүшү. Кишилик аруулугуна, жанынын абалына карай вибрациясынын сырткы көрүнүшү.
Сүр. Кишинин сырткы жөлөмө күчтөрүнүн көрүнүшү. Сүрдүү киши, аркасы бар киши. Арбак колдогон, касиет жылоологон киши.
Сөөлөт. Турган турпатына, сымбатына ажары жарашкан, сүрү бар кишилик жашоосуна касиети жарашкан асылданып, арууланган киши.

Тизгин жыяр

Эски кыргыз уламыштарында "Биз канатчан жаралганбыз, бирок жараткандын каарына калып канатыбызды кыркып койгон. Антсе да, жараткандын кең пейилдиги ай, анда-санда канатчандар жаралып калат" деген сөз айтылып калган.
Түбүндө же башатында баарыбыз жогорку аң-сезимдүү, асыл жаралсак керек. Ошондуктан кишинин кийимине эмес, дилине, касиетине, ички дараметине көңүл буруп, баа берип, жөлөмө күчүнө жүгүнүп, кишини барктап жашаган доорлор өткөн. Эми болсо капчыгына карап баа берип, сый кийимине карап мамиле кылып, кызматына карап ийилип калган доор бар. Арабызда анда-санда бир жаралып калган канатчан асылдар ак жарыгын чача берсин.
Кишини бааласын, басынтпасын, сын берсин, сын такпасын!
Турпаты сымбатына жарашкан, чырайына чыгып ажары ачылган, сүрү менен сөөлөтү бар жаңы кыргыздар көбөйсүн!
Сынды туура берип, кишини туура баамдап, баалап, тирүүлүктө сыйлашкан жашоо болсун!
Жанды кадырлап күтмөк — айтылбаган сабак. Жан түшүнүгүнүн сыры