БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык медиасынын" ишмердигин токтотуу өтүнүчү боюнча соттук процесс Ленин райондук сотунда 9-февралга белгиленди.
Шаардык сот Sputnik Кыргызстанга сот отуруму саат 9:30да башталарын билдирди.
Бир күн мурун Маданият министрлиги "Азаттыктын" ишин соттук териштирүүдө токтотууну көздөп жатканы белгилүү болгон.
Эске салсак, 26-октябрда аталган министрлик "Азаттык медиа" сайтынын ишин эки айга чектөө чечимин кабыл алган. Мындай чара кыргыз-тажик чек арасындагы сентябрдагы окуялар боюнча "өлкөнүн маалымат мейкиндигинде Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген материалдарга жооп кайтаруу үчүн кабыл алынды" деп айтылган.
Андан көп өтпөй, 3-ноябрда "Демир банк" "Азаттыктын" эсептеринин ишин токтоткон. Банктан бул кадамдар ТИК/ККЛК мыйзамына ылайык жасалганын айтышкан.
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев редакциянын сайтын эки айга жабууга мыйзамдуу негиз болгон деген пикирин билдирди.