Аскар Акаевге карата козголгон кылмыш иши токтотулду

Аскар Акаев 2021-жылдын август айында Кыргызстанга биринчи жолу келип, сурак берген эле.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Тунгуч президент Аскар Акаевге карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Мурдагы мамлекет башчы Кумтөр алтын кенин ишке киргизүүдө бийлигинен же кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, 1992-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашуу түзүүдө жана 2003-жылы "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоодо шалаакылык кылган деп айыпталып жаткан.
Башкы прокуратура Акаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу иш өндүрүштөн токтотулганын белгиледи.
Эске салсак, Аскар Акаев 2021-жылдын август айында 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, сурак берген. Андан кийин элге кайрылуу жасап, "Кумтөр" долбоору боюнча өкмөткө ишенип чечим кабыл ала бергенин айтып кыргызстандыктардан кечирим сураган.
Аскар Акаев: 2005-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштү АКШ уюштурган