Баланын өлүмү боюнча кармалган беш дарыгер үй камагына чыгарылды

Өткөн жылдын ноябрь айында Бишкектеги ооруканалардын биринде үч жашар бала чарчап калган. Андан соң укук коргоо органдары тарабынан алты дарыгер кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Үч жаштагы баланын өлүмүнөн кийин кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген беш дарыгер үй камагына чыгарылды. Маалыматты Ленин райондук соту тастыктады.
Өткөн жылдын ноябрь айында Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде үч жаштагы бала чарчап калган. Буга байланыштуу Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун, Шаардык балдар ооруканасынын алты дарыгери кармалган. Медициналык милдетин так аткарган эмес деп шектелгендердин бири үй камагына чыгарылып, бешөө тергөө абагына киргизилген болчу.
Саламаттык сактоо министрлиги окуядан улам иштен кетем деген медиктерди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырган билдирүү жасаган.
Баланын өлүмүнөн улам беш дарыгердин кармалышы. Милиция чоо-жайын айтты