Ноокаттын тамтыгы чыккан жолу жазда оңдолуп баштайт. Жапаров тапшырма берди

Айдаркен — Кадамжай жолун оңдоо иштери 90 пайыз бүтүп калган. Кара-Бак айылында ички жолго таш төшөлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар унаа жолдорду көрүп чыкты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров Ноокат — Кызыл-Кыя жолунун абалы боюнча элден арыздар түшкөнүн белгилеп, 2023-жылдын жаз айларында капиталдык оңдоону баштап, ошол эле жылдын күзүндө бүтүрүүгө тапшырма берген.
Ошону менен катар ал Айдаркен — Кадамжай унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен да таанышкан. Анын узундугу 54 чакырым, учурда 48 чакырымына асфальт-бетон төшөлүп бүткөнү айтылды. Аталган жол мындан 50 жыл мурун курулган.
“Буга чейин чуңкурларды оңдоо иштери гана жүргүзүлүп келген. Үстүбүздөгү жылдын июль айында оңдоо иштери башталган, техника жана жумушчулар жетиштүү. Курулуш иштери техникалык регламенттин талаптарына ылайык жүргүзүлүүдө”, — деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчы Баткен районунун Кара-Бак айылындагы жолдун бир бөлүгүн жана ички көчөлөрдүн тротуарларын таш менен төшөө боюнча пилоттук долбоорду көрүп чыккан.
“Президентке план боюнча үч чакырым жолго эксперименталдык түрдө таш төшөлөрү тууралуу маалымат беришти. Учурда 100 метр таш брусчатка төшөлгөн. Бул ыкма жолдорду кадимкидей асфальттоодон арзан экени белгиленет. Маселен, бир чакырым жолду таш брусчатка менен төшөө үчүн алты миллион сом керектелет, таш төшөлмөнүн бекемдиги жана суукка туруктуулугу да жогору”, — деп жазылат пресс-релизде.
Андан соң Жапаров пилоттук долбоор оң натыйжа берсе мындай ыкманы айылдын ички жолдоруна киргизүү маселеси карала турганын белгилеген.
Өкмөт Ноокаттын жолун оңдоого каражат тапканын билдирди