Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Донецкини аткылоо. Уранды алдында калган аялдын куткарылышы видеодо

Донецкинин борбору 8 жылдан бери массалык түрдө жасалган аткылоого бүгүн дуушар болгону айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Украина аскерлеринин массалык аткылоосунан кийин Донецкинин борборундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин урандысы алдында калган аял куткарылды. Бул тууралуу РИА Новости ДЭРдин ӨКМ кызматына таянып жазды.
Ведомствонун Telegram-каналындагы маалыматына ылайык, бейшемби күнү куткаруу кызматына Донецкинин Ворошилов районунда жайгашкан беш кабаттуу үйдүн батиринде өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
"Куткаруучулар келген убакта өрт болгон эмес. Аткылоонун кесепетинен 5-кабаттагы батирде бир аял уранды алдында калган. ӨКМдин куткаруучулары жабырлануучуну чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен", — деп айтылат ӨКМдин билдирүүсүндө.
Бейшемби күнү эртең менен украин аскерлери Донецкинин эки борбордук районуна "Град" системасынан 40 ракета атышты. Шаар мэри Алексей Кулемзин Донецкинин борбору 2014-жылдан бери массалык түрдө жасалган ири аткылоого дуушар болгонун айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кремль Зеленскийдин Украинадагы тынчтыкты орнотуучу үч кадамы боюнча үн катты