БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда, кыргызстандыктарды "Манас" эпосунун күнү менен куттуктады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ал өлкө жетекчилиги элибиздин идеологиясы да, философиясы да, руханий өзөгү да болуп келген "Манас" эпосун кеңири жайылтуу, даңазалоо жаатында бир топ иш-аракеттерди жасап келерин белгилеген.
Ошону менен катар үчилтиктин ЮНЕСКОнун Репрезентативдик тизмесине катталышы кыргызстандыктар үчүн эбегейсиз зор сыймык экенин айткан.
"Бүгүнкү күндө "Манас" эпосун изилдөө, жайылтуу жана таанытуу жаатында иш жүргүзүп келе жаткан мамлекеттик макамга ээ болгон үч мекеменин алдында жоопкерчиликтүү чоң милдет турат. Алар эпосту ар бир кыргызстандыктын жан дүйнөсүнөн орун алышы үчүн, анын баа жеткис көлөмү менен көркөмдүгүн дүйнөлүк аренага чейин жеткирүү үчүн болгон күч-аракетин жумшайт деп ишенем. "Манас" эпосубуз өсүп келе жаткан жаштарыбыздын каны менен тең айланып, атуулдукка арбаган улуу күч болуп, Кыргызстандын жүзү, намысы, аброю бойдон кала берсин", — деди Жапаров.
Ошондой эле өлкөдө тынчтык, элде ынтымак менен биримдик түбөлүктүү болушун каалады.