БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Эсептөө палатасы Саламаттык сактоо, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрликтеринен финансылык мыйзам бузууларды тапты. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлады.
Бүгүн Эсептөө палатасынын (ЭП) кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, ага ЭП кеңешинин мүчөлөрү, аппараттын кызматкерлери жана аудит өткөрүлгөн объектилердин жетекчилери катышкан.
Анда күн тартибиндеги башка маселелер менен катар эле Саламаттык сактоо, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрликтеринин текшерүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу маселе каралган.
"Саламаттык сактоо министрлигинен аудиторлор 29 215 600 сомдук каржылык мыйзам бузууларды аныктаса, анын 17 350 800 сому калыбына келтирилүүгө тийиш болчу, текшерүүнүн жүрүшүндө 875 100 сом өндүрүлгөн", — деп айтылган маалыматта.
Аны менен катар эле төмөнкүлөрдү таап чыгышкан:
сомдук эмгек акынын негизсиз төлөнүшүнө - 11 099 100 сом;
материалдык баалуулуктарды жана каражаттарды эсептен чыгарууга - 1 163 400 сом;
командировкаларга ашыкча каржылык чыгымдардын көлөмү - 100 800 сом;
дебитордук карызды жаап-жашырууга - 3 314 300 сом өлчөмүндө табылган.
"Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 13 007 200 сом суммасында резервдер жана бюджеттик жоготуулар аныкталган. Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттардын суммасы 22 795 800 сомду түзгөн", — деп билдирди.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жүргүзүлгөн аудит майыптык коляскаларды сатып алууда мыйзам бузууларды аныктаган.
Майыптар коляскасына чукул муктаждык болгонуна карабастан, министрлик аларды түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн сатып албагандыгын, бааларга көзөмөл жасалган эместигин билдирди.
"Майыптык коляскалар бюджеттик каражаттардын эсебинен коммерциялык ортомчу түзүмдөрдөн сатып алынган. Талдоо көрсөткөндөй, алардын баасы ортомчулар аркылуу өтүп, өндүрүүчүлөрдөн сатып алуучу уюмдун колуна чейин бир топ жогорулайт. Ашыкча сарптоо 1 617 000 сомду түздү", — деп маалымдады.
Мындан тышкары, текшере келгенде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо сатып алууда да мыйзам бузуулар аныкталган.
"Ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жолдомо сатып алуу үчүн пайдаланылбаган бюджеттик каражаттардын суммасы 34 150 700 сомду түздү. Бул каражатка дагы 2529 жолдомо сатып алууга мүмкүн эле", — деп жыйынтыктады Эсеп палатасынан.
Бул мыйзам бузуулар боюнча маалымат тиешелүү органдарга жөнөтүлмөкчү.