Өмүрүн дипломатияга, мамлекетке арнаган. Ишенбай Абдуразаковдун сүрөттөрү

Быйыл көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмер, дипломат Ишенбай Абдуразаковдун 85 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги аны эскерип, сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Ишенбай Абдуразаков 1937-жылы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында туулуп, эмгек жолун инженерликтен баштап, кийин Улуттук илимдер академиясында иштеген. Андан соң Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинде, СССР Тышкы иштер министрлигинде, элчиликтерде көп жыл эмгектенген.
Өлкө эгемендик алган жылдары Россиянын Япониядагы генералдык консулу, Кыргыз Республикасынын президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүндө эксперт, өлкө башчынын кеңешчиси, мамлекеттик катчы болгон.
Ардактуу эс алууга чыккан соң Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде сабак берип, эл аралык байланыштар кафедрасын жетектеген. Жубайы Майрамкан Юсупова менен эки уул, эки кыздын ата-энеси. Абдуразаков 2014-жылы 24-апрелде 77 жаш курагында кайтыш болуп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилген.
Тема боюнча:
Лаос, Мадагаскар... Кыргыз ССРинен билим алып кеткен чет элдиктер. Сүрөт баян
Кино менен театрдын өчпөс жылдызына айланды. Муратбек Рыскуловдун сүрөттөрү
Каныбек Осмоналиев 69 жашка толду. Олимпиада чемпионунун сүрөттөрү
Быйыл 83 жашка толмок. Сүймөнкул Чокморовдун сүрөттөгү жашоосу