БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Энергетика министрлиги РФтин "Росатом" корпорациясынын ортосунда АЭС куруу боюнча кол коюлган макулдашуу тууралуу расмий түшүндүрмө берди.
Эске салсак, жыл башында Россиянын "Росатом" мамлекеттик корпорациясы менен Кыргызстандын Энергетика министрлигинин ортосунда КР аймагында төмөн кубаттуулуктагы атомдук станция куруудагы кызматташуу боюнча меморандум кабыл алынган. Бир нече күн мурда бул жааттагы кызматташуу келишимине кол коюлган.
Министрликтин бүгүнкү түшүндүрмөсүндө долбоордун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемеси иштелери, кыргыз тарап "Росатом" сунуштаган технологиялар, алардын коопсуздугун иликтеп чыгары айтылган.
"Кыргызстан тарап "Росатом" сунуштаган технологиялар, алардын коопсуздугун иликтеп чыгат. Зарыл болгон көп тараптуу экспертизалар жүргүзүлөт. Муну менен катар экологиялык коопсуздук маселеси дагы дыкат каралат. Андан кийин аталган маселе коомдук талкууга коюлат. АЭС куруу боюнча чечим кабыл алууда элдин пикири эске алынат", — деп билдирди министрликтен.
Ведомство эл аралык тажрыйбада АЭСтер заманбап технология менен курулары, тагыраагы, станцияга жакын жайгашкан калктуу пунктуга, айыл чарбасына жана суу ресурстарына зыяны тийбегендей ыкма колдонуларын белгилеген.
"АЭСтин айланасындагы экологиялык абалды тармактык органдардын жана ар кандай уюмдардын адистери дайыма көзөмөлдөп турат. Атомдук электр станциялары жаратылышты булгабайт. Атомдук энергетика углеводороддун күйүшүн талап кылбайт, бул көмүр кычкыл газын атмосферага өтө эле аз көлөмдө бөлүп чыгарат деген сөз. Атомдук энергетикада колдонулган сырьё толук күйбөйт. Бул калдыктарды кайра колдонууга болорун көрсөтүп турат", — деп түшүндүрдү министрликтен.
Анын негизинде калдыксыз өндүрүштү камсыз кылууга болот. Кыскасы, атомдук электр станциялар жашыл энергетиканын сап башында турат.
"Учурда өнүккөн мамлекеттердин атомдук электр станциялары бар. Анткени аны энергетиканы, экономиканы жана өнөр жайды өнүктүрүүнүн горизонту катары эсептешет. Ошондой эле энергетикалык көз карандысыздыкты чыңдайт", — деп кошумчалашкан.
Буга чейин "Росатом Борбор Азия" ишканасынын директорунун бизнести өнүктүрүү боюнча орун басары Руслан Нуралин Кыргызстанда атомдук электр станциясын куруу өлкөнүн өнөр жайынын озуп чыгышына шарт түзөрүн айткан эле.