Талас шаарында Байдылда Сарногоевдин эстелиги ачылды. Сүрөт

Облуста акындын 90 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Таласта Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракеси өткөрүлүп, эстелиги ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Акындын эстелиги Талас шаарындагы Байдылда Сарногоев жана Акматбек Нуржанов көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган.
Салтанаттуу иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, облус башчысы Бакытбек Нарбеков, мамлекеттик-коомдук ишмерлер жана акын-жазуучулар катышкан.
1 / 3

Салтанаттуу иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, облус башчысы Бакытбек Нарбеков, мамлекеттик-коомдук ишмерлер жана акын-жазуучулар катышкан

2 / 3

Ошондой эле облустук музыкалык драма театрда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине арналган иш-чара өткөрүлүп, акындын өмүр жолу жана чыгармачылыгына арналган даректүү тасма көрсөтүлгөн

3 / 3

Мындан сырткары, артисттер сахналаштырган пролог тартуулаган

Ошондой эле облустук музыкалык драма театрда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине арналган иш-чара өткөрүлүп, акындын өмүр жолу жана чыгармачылыгына арналган даректүү тасма көрсөтүлгөн. Мындан сырткары, артисттер сахналаштырган пролог тартуулаган.
Салтанаттын алкагында Сарногоев атындагы акын-жазуучулардын республикалык конкурсунун жеңүүчүлөрү атайын төш белги жана акчалай сыйлыктар менен сыйланган.
Байдылда Сарногоев 1932–жылы Таластын Кара-Ой деген айылында туулган. Бирок акындын өмүрлүк жубайы Зина Сарногоеванын эскерүүсүндө, жарыкка 1928-жылы келген экен. "Ата-энесинен эрте ажырап калган балага убагында күбөлүк алып берген киши жок, кийин паспортуна болжол менен эле 1932-жыл деп жазылып калыптыр", — деп эскерген жайы бар.
Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев поэзия майданына кошулган өткөн кылымдын 50-жылдарынан тартып эле окурмандардын калың катмарынын сүйүктүү акынына айланган. Анын "Ак калпак", "Ашуудан берген отчётум" деген китептери колдон-колго өтүп окулган. Сарногоевдин ырларынын ар бир сабынан кыргыздык мүнөз, кыргыздык бөтөнчөлүктөр көрүнүп турат.
Баткенде Исхак Раззаковго айкел тургузулду