Төкөлдөштүн төрт кызынын бири. Сайра Кийизбаеванын сүрөттөгү элеси

Бүгүн СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти Сайра Кийизбаеванын туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги биринчи кыргыз опера ырчысын сүрөттө калган ирмемдери менен эскерет.
Sputnik
Сайра Кийизбаева 1917-жылы 7-ноябрда Чүй облусунун Төкөлдөш айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Төкөлдөштүн төрт кызынын бири мектепти аяктагандан кийин 1931-жылы Фрунзедеги кыз-келиндердин педагогикалык техникумуна тапшырат. Студент кезинде Бүткүл кыргыз элинин чыгармачылык олимпиадасына катышып, үнү менен өзгөчөлөнүп театрга жумушка алынган.
СССРдин эл артисти Кыргызстанда биринчилерден болуп дүйнөлүк операларды аткарып, чыгармачылыгы оргуштап турган маалда СССРдин Чоң театрына чакыртылган. 1960-жылдары Опера жана балет театрын жетектеп, өлкөдөгү операнын түптөлүшүнө зор салым кошкон. Ал эми тажрыйба топтогон кезинде мугалимдикти аркалап, 1967-жылдан баштап өмүрүнүн аягына чейин искусство институтунда эмгектенет. Кыргыз ССРинин эл артисти 1988-жылы 11-октябрда 70 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.
1 / 15

Болочоктогу белгилүү ырчы Фрунзедеги кыз-келиндердин педагогикалык техникумунда окуп жүрүп чыгармачылык олимпиадага катышып, кийин театрга жумушка алынган

2 / 15

Жаш талант Фрунзе шаарындагы кыз-келиндердин педагогикалык техникумунда окуп жүргөн кези, биринчи катарда солдон төртүнчү, 1932-жыл

3 / 15

Сайра Кийизбаева — Төкөлдөштүн төрт кызынын бири

4 / 15

Опера жана балет театрынын солисттери: Анвар Куттубаева, Сайра Кийизбаева жана дирижёр Шейше Орозов. Москва шаары, 1939-жыл.

5 / 15

Опера ырчысы жайлоодо концерт коюп жүргөн кез

6 / 15

СССРдин эл артисттери: опера ырчысы Сайра Кийизбаева менен балерина Бүбүсара Бейшеналиева. Фрунзе шаары, 1960-жылдар.

7 / 15

Кыргызстандык артисттердин Кытайга концерт койгону учуп бара жаткан учуру жана учак ичиндеги репетиция, 1955-жыл

8 / 15

Кыргыз элинин булбулу узак убакыт искусство институтунда иштеп, далай шакирттерди тарбиялаган

9 / 15

Сайра Кийизбаева менен Муса Баетов Украина фронтунун жоокерлери менен, 1942-жыл. Чыгармачыл инсандар токой аралап, талаа кезип, жоокерлерге дем-күч берген.

10 / 15

Ташкент шаарына барган кыргыздын маданият кызматкерлери жана министр Күлүйпа Кондучалова

11 / 15

СССРдин эл артисттери: Сабира Күмүшалиева, Сайра Кийизбаева менен көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Күлүйпа Кондучалова. Залкарлар Фрунзе шаарында өткөн Кыргыз ССРиндеги аялдардын VIII съездинде.

12 / 15

Кийизбаева композиторлор Виктор Власов, Абдылас Малдыбаев менен Владимир Ференин "Айчүрөк" операсында Айчүрөктүн партиясын аткарып эл аралык деңгээлге чыккан

13 / 15

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти жайлоодо, 1960-жыл

14 / 15

Кыргыз ССРинин эл артисти небереси Жамила жана Айнура менен

15 / 15

Кыргыз элинин алгачкы опера жылдызы 1988-жылы 11-октябрда оорудан улам 70 жаш курагында көз жумган

Тема боюнча:
Филармониядагы өмүр, берилбей калган сыйлык. Акын Токтосун Тыныбековдун элеси
Мамлекеттик дачада киши колдуу болгон. Султан Ибраимовдун сүрөттөгү ирмемдери