"Чабандын кызы" үчүн алтын медаль алган. Семен Чуйковдун архивдик сүрөттөрү

Быйыл атактуу сүрөтчү Семен Чуйковдун 120 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу инсандын сүрөттө калган ирмемдерин, эмгектерин сунуштайт.
Sputnik
Семен Чуйков 1902-жылы 30-октябрда азыркы Бишкек шаарында туулган. Орто мектепти Казакстандын Алмата шаарында окуп, Москвадагы Бүткүл союздук техникалык жогорку көркөм сүрөт окуу жайынын живопись бөлүмүн аяктаган. Жогорку билимге ээ болгон соң Москва, Санкт-Петербург шаарларында сабак берип, 31 жашында Кыргызстанга кайтып келген. Эки жылдан соң борбор калаада Сүрөтчүлөр союзу менен сүрөт окуу жайын ачып, кыргыз сүрөтчүлүк өнөрүнө негиз салган. Башка атактуу сүрөтчүлөрдүн эмгектерин алып келип сүрөт музейин уюштурган.
Таланттуу сүрөтчү өзүнүн эмгектери менен эл арасында кеңири таанылып, "Советтик Кыргызстандын кызы", "Чабандын кызы" аттуу чыгармалары үчүн 1958-жылы Брюсселдеги Бүткүл дүйнөлүк сүрөт көргөзмөсүндө алтын медалга татыган. Кийин сүрөт өнөрүнө кошкон салымы үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү 1980-жылы 18-майда 77 жашында Москвада бул дүйнө менен кош айтышкан.
1 / 11

Кыргыз сүрөтчүлүк өнөрүнө негиз салган Семен Чуйков

2 / 11

Сүрөтчүнүн атактуу "Советтик Кыргызстандын кызы" эмгеги

3 / 11

СССРдин эл сүрөтчүсү уулдары менен

4 / 11

Чуйковдун "Токтогул эл арасында" сүрөтүнүн репродукциясы. Ал 1939-1941-жылдар аралыгында тартылган

5 / 11

Семен Чуйков 1972-жылы "У нас в Киргизии" сүрөттөр цикли үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган

6 / 11

Чуйковдун "Таң" сүрөтүнүн репродукциясы. Аталган эмгектин түп нускасы азыр Третьяков галереясында сакталуу

7 / 11

Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн башын бириктирип, алардын бирикмесин узак жыл жетектеген

8 / 11

Семен Афанасьевич Чуйков СССР — Индия маданий байланыш коомунун вице-президенти болуп да иштеген. Москва шаары, 1965-жыл.

9 / 11

Сүрөтчү кезектеги эмгегинин эскизин кароодо. Чуйков живопись, пейзажды мыкты тарткан.

10 / 11

Советтик сүрөтчү Юрий Рейнер, ортодо румыниялык Ион Мусчелян жана Семен Чуйков СССРдин сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залында. Москва шаары, 1966-жыл.

11 / 11

Залкар талант өмүрүнүн акыркы жылдарын Москва шаарында өткөрүп, ошол жакта 77 жашында кайтыш болгон

Тема боюнча:
Шакирттеринин курчоосундагы Гапар Айтиев. Ысык-Көлдө тартылган таберик сүрөт
Эмгектери дүйнө кезген. Гапар Айтиевдин сүрөттө калган элеси