Филармониядагы өмүр, берилбей калган сыйлык. Акын Токтосун Тыныбековдун элеси

Быйыл белгилүү акын, комузчу, обончу Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгы белгиленүүдө.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттиги көп кырдуу залкар таланттын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Токтосун Тыныбеков 1927-жылы 21-октябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Тегене айылында жарык дүйнөгө келген. Өспүрүм кези согуш жылдарына туш келип, талаада ачка-ток болуп чоңдорго жардам берип өскөн. Мектепти аяктаган соң Казакстандын Караганда шаарындагы өндүрүштөрдүн биринде эки айлык окууну бүтүрүп, ошол эле шаарда шахтёр болуп иштей баштаган.
Согуш аяктагандан кийин мектепте мугалим, райондук маданият үйүндө директор болуп эмгектенген. 1949-жылы борбор калаага келип Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында музыкант, солист болгон. Жаш талант Коргоол Досуев, Барпы Алыкулов, Калык Акиевден төкмөлүк боюнча сабак алып, Алымкул Үсөнбаевдин адабий катчысы болгон жайы бар. Ыр-күүгө жакын талант комузда кол ойнотуп, кыл кыяк, темир комуз чертип мыкты обондорду жараткан.
Кыргыз ССРине эмгек сиңирген артист филармонияда темир комузчулар ансамблин жетектеген. СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү колуна калем алып ыр, айтыш, жомок, эскерүү жыйнактарын жазган. Залкар талант 1987-жылы 55 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.
Тема боюнча:
Өз киндигин өзү кескен Касымалы Баялинов. Сүрөттө калган ирмемдери
Эмгектери дүйнө кезген. Гапар Айтиевдин сүрөттө калган элеси
1 / 13

Токтосун Тыныбеков эмгек жолун шахтада шахтёр болуп баштаган

2 / 13

Улуу залкарлардын алдында ырдаган жаш талант

3 / 13

Ал 1949-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясына ишке алынган

4 / 13

Тыныбеков кыл кыякты мыкты тарткан жана башкаларга да үйрөткөн

5 / 13

Төкмө акындардын өнөрүнө суктанган эл. Эстебес Турсуналиев менен Токтосун Тыныбеков

6 / 13

Кыргыз ССРине эмгек сиңирген артист филармонияда темир комузчулар ансамбли менен СССРди түрө кыдырган

7 / 13

Бактылуу түгөйлөр. Көп кырдуу талант жубайы менен

8 / 13

Лирик акын комузун колуна алып эл арасында

9 / 13

Залкар талант филармонияда 40 жылга жакын эмгектенген

10 / 13

Акын, комузчу, кыл кыякчы, темир комузчу уул-кыздары менен

11 / 13

Тыныбеков айтылуу Барпы Алыкуловдун "Мөлмөлүм" чыгармасынын обонун жазган

12 / 13

Өмүрүн чыгармачылыкка арнаган инсанга эл артисти наамы берилген эмес

13 / 13

Көп кырдуу инсан 55 жашында чыгармачылыгы оргуштап турган кезде кайтыш болгон