Жапаров: кыргыз-өзбек чек арасы боюнча комитет жыйынын ачык өткөрүүнү буюрдум

Кыргыз-өзбек чек арасы жакында толугу менен расмий түрдө чечилет деп күтүлүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин комитетинде кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жыйын мурда пландалгандай жабык эмес, ачык караларын "Кабар" агенттигине берген маегинде президент Садыр Жапаров айтты.
"Сыр кылып турганыбыздын себеби кол коюп алганга чейин айнып кетип, баары бузулуп калбасын деген элек. Эми мен эртең Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла, жалпы эл көрсүн, билсин" деп буйрук бердим. Көргөндөн кийин жалпы эл бизге алкыш айтат деп ишенем", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал бул маселе боюнча элге туура эмес маалымат жеткиргендер жаңылып жатканын айтты.
"Эгер мыйзамдашып бүткөнгө чейин бир тарап айнып кетип кайра мурдагы абалга келип калса, кечээки тегерек стол уюштуруп элдин башын айландырып жаткандар көпчүлүк элдин каргышына калышат. Жоопко тартабыз", — деди өлкө башчы.
Мындан тышкары, Жапаров "талаш жерлердин дээрлик 99 пайызы Кыргызстандын пайдасына чечилгенин" кошумчалады.
"Бир Өзгөн менен эле мамлекеттин тагдырын байлап койбошубуз керек. Райондун деңгээлинен жогору бололу. Эгер өлкө ичинде эки район жер бөлүштүрүп жатсак мейли эле. Биз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары менен чектешкен 1 400 чакырым чек араны толук чечип, Өзбекстан менен чек ара маселесине түбөлүк чекит коюп жатабыз", — деди ал.
Буга чейин Жапаров "Кемпир-Абадды мурда толук Өзбекстан тарап көзөмөлдөп келсе, мындан ары 50/50 үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүп, плотинаны чогуу башкарабыз деген келишим болгонун айткан.
Эркелегендин чеги бар! Жапаров Кемпир-Абад боюнча чуу түшкөндөргө эскертүү берди