Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин бошотулган аймактардагы референдумдун жыйынтыгына баа берди

Бүгүн РФ лидери аталган ДЭР, ЛЭР, Запорожье жана Херсон облустарынын Россияга кириши боюнча Федералдык конституциялык мыйзамга кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин бошотулган аймактардагы референдумдун жыйынтыгы аны кубанткандыгын, алар ачык жана ишенимдүү өткөндүгүн айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Референдумдун жыйынтыгына мен кубанып эле тим болбостон, таң калдым. Эл баары бир оор шартта жашап келишти, азыр да ал жашоосун улантып жатышат", — деген Путин бүткүл россиялык "Жылдын мугалими" деп аталган сынактын лауреаттары, финалисттери менен жолугуп жатканда.
Мамлекет башчысы жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгынан эч ким күмөн санабай тургандыгын айткан.
"Жыйынтык, албетте, таза, ачык. Бул эч кимди күмөн санатпайт", — деген Путин.
Эске салсак, ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарынын Россиянын курамына кошулушу тууралуу референдум 23-27-сентябрда өттү. Бюллетендер 100 пайыз саналып бүткөндөн кийинки жыйынтыкка таянсак, эң жогорку көрсөткүч Донецк (99,23 пайыз) менен Луганскиде (98,42 пайыз) болгон. Ал эми Херсондогулардын 87,05 пайызы, Запорожье облусундагылардын 93,11 пайызы Россияга кошулууга макул болгон.
30-сентябрда РФ лидери Владимир Путин жана аймактардын жетекчилери Кремлде Россиянын курамына кирүү боюнча келишимге кол койгон. Андан соң РФтин Конституциялык соту бул документтердин Баш мыйзамга туура келерин тааныган.
Ал эми Мамлекеттик Дума 3-сентябрда бир добуштан ДЭР, ЛЭР жана Запорожье, Херсон облустарынын Россиянын курамына кирген келишимдерин ратификация кылган.
Ал эми бүгүн Путин аталган төрт субъектинин Россияга кириши боюнча Федералдык конституциялык мыйзамга кол койду.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШнын экс-сенатору дүйнө Россиянын жаңы аймактарын акырындап таанырын айтты