Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин төрт аймактын Россиянын курамына кириши боюнча мыйзамга кол койду

Россиянын курамына ДЭР, ЛЭР, Запорожье жана Херсон облустары кирди.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин РФтин курамына Луганск, Донецк элдик республикаларынын, Запорожье жана Херсон облустарынын кириши боюнча Федералдык конституциялык мыйзамга кол койду. Документтер укуктук маалыматтардын расмий порталына жайгаштырылды.
Россиянын курамына ДЭР, ЛЭР, Запорожье жана Херсон облустары кирди. Аймактар РФке Баш мыйзамдын жана Федералдык конституциялык мыйзамдын 4-беренесинин негизинде киргизилгени айтылды.
Эске салсак, ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарынын Россиянын курамына кошулушу тууралуу референдум 23-27-сентябрда өттү. Бюллетендер 100 пайыз саналып бүткөндөн кийинки жыйынтыкка таянсак, эң жогорку көрсөткүч Донецк (99,23 пайыз) менен Луганскиде (98,42 пайыз) болгон. Ал эми Херсондогулардын 87,05 пайызы, Запорожье облусундагылардын 93,11 пайызы Россияга кошулууга макул болгон.
30-сентябрда РФ лидери Владимир Путин жана аймактардын жетекчилери Кремлде Россиянын курамына кирүү боюнча келишимге кол койгон. Андан соң РФтин Конституциялык соту бул документтердин Баш мыйзамга туура келерин тааныган.
Ал эми Мамлекеттик дума 3-сентябрда бир добуштан ДЭР, ЛЭР жана Запорожье, Херсон облустарынын Россиянын курамына кирген келишимдерин ратификация кылды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШнын экс-сенатору дүйнө Россиянын жаңы аймактарын акырындап таанырын айтты