Эмгектери дүйнө кезген. Гапар Айтиевдин сүрөттө калган элеси

Быйыл кыргыз сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин 120 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик сүрөт искусствосуна негиз салган инсандын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Гапар Айтиев Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкан айылында 1912-жылы 28-сентябрда кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 20 жашында Агартуу институтун бүтүрүп, эмгек жолун мугалимдиктен баштаган. 1935-38-жылдары Москвадагы көркөм окуу жайында окуп, ал жакта көлөмдүү эмгектерди жараткан алгачкы кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн бири болгон.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты негизинен өзүнүн чыгармачылык жолунда живопись менен алектенип, графиканы да кошо алып кеткен. Сүрөтчү кыл калеми менен адамдын жан дүйнөсүн, жаратылыштын кайталангыс көз ирмемдерин жана кыргыз элине гана мүнөздүү образдарды мыкты ачкан. Эмгектери Германия, Кытай, Канада, Япония, Швеция, Бельгия, Польша, Монголияда көрсөтүлгөн, айрымдары азыркыга чейин Москва, Алматы, Казань, Львов, Бакудагы музейде сакталуу.
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу коомдук-саясий иштерге активдүү катышып, 1940-жылдан 1968-жылга чейин Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы болуп, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин алты жолку чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
1 / 15

Жаш талант балдар үйүндө тарбияланып жетилген

2 / 15

Айтиев Москвадагы көркөм окуу жайында 1935-1938-жылдары билим алып, СССРдин борборунда көлөмдүү эмгектерди тарткан

3 / 15

Сүрөтчү Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Ал фронтто взводдун комиссары болгон

4 / 15

Гапар Айтиев 1940-1968-жылдар аралыгында Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы болуп эмгектенген

5 / 15

Сүрөтчү Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин алты чакырылышынын депутаты болгон. Сүрөттө Аалы Токомбаев менен

6 / 15

Гапар Айтиев россиялык сүрөтчү, устаты Сергей Коненков менен

7 / 15

Сүрөткер "Кыргызстан пионери" гезитинин редактору болуп да иштеген

8 / 15

Гапар Айтиев 1967-жылы "Чабандар" жана "Ысык-Көл — кыргыз деңизи" сүрөттөрү үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыган. Бул "Чабандар" сүрөтүнүн репродукциясы

9 / 15

Гапар Айтиев — кыргыздын тунгуч сүрөтчүсү, кыргыз улуттук профессионал сүрөт искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири. Сүрөттө замандаштары менен

10 / 15

Айтиев Ленин ордени, эки жолу Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана бир нече медаль менен сыйланган. Борбор калаадагы Опера жана балет театрын жасалгалоодо сүрөтчүлөр бригадасынын көркөм жетекчиси кызматын аркалаган

11 / 15

Социалисттик Эмгектин Баатыры театрдагы бир катар спектаклдерди сүрөтчү катары жасалгалаган

12 / 15

СССРдин эл сүрөтчүсү далай шакирттерди тарбиялаган

13 / 15

Залкар сүрөтчүнүн ысымын азыр борбор калаадагы бир музей, бир музей-устакана алып жүрөт. Сүрөткер ошол кездеги маданият министри Күлүйпа Кондучалова менен.

14 / 15

Устаканасында жумуш маалында эс алып турган талант

15 / 15

Гапар Айтиев 1984-жылы 16-декабрда Бишкек шаарында 72 жашында кайтыш болгон. Сүрөттө ал байбичеси менен

Тема боюнча:
Эл эмгектен эскерсин. Мамлекеттик ишмер Арстанбек Дүйшеевдин сүрөттөгү ирмемдери
Мекенинен качып Кыргызстандан тынчтык тапкан тажик эли. Тарыхый ирмемдер
Киношедеврлерди жараткан Төлөмүш Океев. Режиссердун сүрөттөгү ирмемдери
Залкарлардын батасын алып... Айтылуу акын Замирбек Үсөнбаевдин сүрөттөрү