25 жыл министр болуп интернат, санаторий, оорукана курган Батыш Салиева. Сүрөттөрү

Батыш Салиева 31 жашында Кыргыз ССРинин социалдык камсыздоо министри болгон. 25 жыл министр, 7 жыл республикалык профсоюздар кеңешинин төрайымы, анан да СССР Жогорку Советинин эки жолку депутаты болуп шайланган. Sputnik Кыргызстан Батыш Салиеванын сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Батыш Салиева — республиканын социалдык жактан өсүп-өнүгүшү үчүн ичкен ашын жерге коюп кызмат кылган инсан. Элге жакындыгынан министрди карылар үйүндөгү карыялар аны "апаке" деп чакырышкан.
Батыш Салиева Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында 1922-жылдын 1-июлунда жарык дүйнөгө келген. Апасы Анастасия — орус кызы. Болочок министр эң биринчи орус-кыргыз үй-бүлөсүндө туулган наристе, апасы кызына Надежда деген ысым ыйгарат. Кийин эл аны Батыш деп атап алган.
Бул кишинин аркасынан республикада жалпысынан 300 миң орундуу жети карылар үйү курулган. Согуштун катышуучулары үчүн 500 орундуу 10 гектар жери бар Төмөнкү Серафимовка айылындагы интернатты, карылар жана балдар үйлөрүн салган. Кыргызстан профсоюздар кеңешине төрайымдык кылган мезгилинде курорттук зоналарды, айрыкча, Ысык-Көл аймагын өнүктүрүүгө бардык күч-аракетин жумшаган. "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийи, "Чолпон-Ата", "Ала-Тоо" эс алуу жайлары салынган. Мындан тышкары, Спорт сарайы жана "Саякат" мейманканасы ишке киргизилген.
Салиева эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар жана Кыргыз ССРинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 1985-жылы ардактуу эс алууга чыгып, 2015-жылы дүйнөдөн кайткан.
1 / 14

Кыргыз ССРинин республикалык профсоюздар кеңешинин төрайымы Батыш Салиева иш кабинетинде, 1968-жыл

2 / 14

Батыш Салиева КПССтин ХХIV cъездинин делегаттарынын арасында. Москва, Кремль, 1971-жыл.

3 / 14

Даниянын өкмөт башчысынын резиденциясындагы ардактуу меймандар китебине кол тамга калтыруу учуру

4 / 14

Батыш Салиеванын Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болуп турган кези

5 / 14

Профсоюздардын VII дүйнөлүк конгрессинде Батыш Салиева СССРдин Илимдер академиясынын академиги Наталья Бехтерова менен. Будапешт (Венгрия), 1969-жыл.

6 / 14

Улуу Октябрдын 50 жылдыгына арналган иш-чарада, 1967-жыл

7 / 14

СССР Жогорку Советинин делегаттары Шри-Ланка республикасына учаар алдында аэропортто. Москва,1974-жылдын февраль айы

8 / 14

СССР Жогорку Советинин 8-чакырылышынын депутаттарын шайлоо боюнча борбордук шайлоо комиссиясы. Батыш Салиева комиссиянын мүчөсү болгон. Москва, 1970-жыл.

9 / 14

Кыргызстандык делегация иш сапарында. Москва,1971-жыл.

10 / 14

Салиева эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар жана Кыргыз ССРинин Ардак грамоталары менен сыйланып, 1985-жылы эс алууга чыккан.

11 / 14

Батыш Салиева кызы Розанын үй-бүлөсү менен

12 / 14

Батыш Салиева Данияда өткөн агроөндүрүш комплексине катышууга барганда түшкөн сүрөтү. Ал 25 жыл Кыргыз ССРинин социалдык камсыздоо министри болуп эмгектен. 1972-жыл.

13 / 14

Батыш Салиеванын кызы Роза Салиева үй-бүлөсү жана жакын туугандары менен тойдо

14 / 14

Япон профсоюз ишмерлери Кыргызстанга келген учуру (2-катарда оң жактан биринчи Батыш Салиева). Фрунзе. 1970-жыл.

Тема боюнча:
Батыш Салиеванын кызы: апам жанды сабап иштөө керек деген принцип менен жашады
Мааракесин өткөрүүдөн баш тартып... Бексултан Жакиевдин сүрөттө калган элеси