Залкарлардын батасын алып... Айтылуу акын Замирбек Үсөнбаевдин сүрөттөрү

Быйыл белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги КР эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреатынын сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Замирбек Үсөнбаев 1951-жылы 1-сентябрда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн. Атасы Алымкул Үсөнбаев төкмө акын, энеси Беркимбай кызы Назим акын эле. Замирбек алты жашында атасынан комуз черткенди үйрөнөт. 12 жашка чыкканда үй ээси кайтыш болуп энесинен таалим-тарбия алган. Бала чагынан үйгө конок болуп келген Осмонкул Бөлөбалаев, Саякбай Каралаев, Ыбырай Туманов, Карамолдо Орозов, Коргол Досуевди жакындан көрүп, залкарлардын колуна суу куюп, батасын алып өскөн. Эс тутуму күчтүү өспүрүм алардын чыгармаларын угуп жаттап алып, эртеси жакындарына ырдап берчү. Ошентип 16 жашында филармонияга жумушка чакырылып, ал жакта Ашыраалы Айталиев, Токтосун Тыныбеков, Эстебес Турсуналиевдин шакирти болуп сахнага чыккан.
Үсөнбаев "Эл шайырлары" фольклордук тобунун көркөм жетекчиси, Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын директору болуп эмгектенген. Ошондой эле Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунда 17 жыл сабак берип, бир топ шакирттерге жол көрсөткөн.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреатынын өмүрү жана чыгармачылыгындагы кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окусаңыз болот.
1 / 13

Төкмө акын комуз черткенди кичинекей кезинде атасы Алымкул Үсөнбаевден үйрөнгөн

2 / 13

Эл аралап өз өнөрүн тартуулаган залкарлар: солдон оңду көздөй куудул Келдибек Ниязов, төкмө акын Замирбек Үсөнбаев, кыл кыякчы Толтой Мураталиев, төкмө акын Ашыраалы Айталиев, Токтогул Сатылгановдун баласы Бабажан Токтогулов, комузчу Мыктыбек Үмөталиев жана манасчы Уркаш Мамбеталиев. Ысык-Көл облусу, 1980-жыл.

3 / 13

Төкмө акын устаты Ашыраалы Айталиев менен сахнада айтышып жаткан учур

4 / 13

Белгилүү төкмө акындар: Замирбек Үсөнбаев, Ашыраалы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев жана жазуучу Мар Байжиев. Чүй облусу, 1984-жыл.

5 / 13

Замандаштар, сахналаштар... Замирбек Үсөнбаев экинчи катарда четте турат.

6 / 13

Замирбек Үсөнбаев кийинки муундун өнөрпоздору, шакирттери менен

7 / 13

Акын "Эл шайырлары" фольклордук тобунун көркөм жетекчиси, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору болгон

8 / 13

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунда көп жыл эмгектенген

9 / 13

Үсөнбаев 2004-жылы маданият министри кызматына чакырылган, бирок төкмө акын андан баш тарткан

10 / 13

Замирбек Үсөнбаев шакирти Азамат Болгонбаев экөө

11 / 13

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты АКШ, Япония, Кытай, Швеция, Түркияга чейин гастролдоп барган

12 / 13

Залкар таланттын 70 жылдык мааракеси быйыл республикалык деңгээлде белгиленүүдө

13 / 13

Замирбек Үсөнбаев байбичеси менен үч уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн

Тема боюнча:
Элдин "генералы" Мукамбет Токтобаев. Залкардын сүрөттө калган ирмемдери
Кыргыз музыкасына гармонь аспабын алып келген Муса Баетов. Сүрөттөр