Баткен ОИИБи: 14 жаштагы кыздын өлүмүнө милиционердин тиешеси жок

Соцтармакта кылмыш жасагандардын арасында милиция кызматкери да бар экен деп жазгандар болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кадамжайда жашы жете элек кыздын киши колдуу болушуна милиция кызматкерлеринин тиешеси жок. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Айрым жарандар кылмыш жасагандардын арасында милиция кызматкери да бар экен деп жазып жатканы айтылды.
"Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана социалдык тармак колдонуучулары! Кадамжайда жашы жете элек кызды өлтүрүүгө шектелип кармалган жарандардын ички иштер органдарына эч кандай тиешеси жок. Бул иштин калыс тергелиши Баткен ОИИБдин жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө, коомчулукка кошумча маалымат берилип турат", — деп айтылат билдирүүдө.
1 / 3

Шектүү

2 / 3

Шектүү

3 / 3

Шектүү

Эске салсак, 4-сентябрь күнү Кадамжай районунда сел өтүүчү тоннелдин ичинен 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Ал колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда жаткан. Кылмышка шектүү катары Кадамжайдын Халмион айыл аймагынын 24 жаштагы А.у.С., 25 жаштагы М.Ш. жана 27 жаштагы Г.Д. аттуу тургундары кармалган.
17 ирет бычак урган. Ноокенде мурдагы аялын өлтүрүүгө шектүү кармалды