"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына кайын журтунун басымы менен аргасыздан татынакай үй-бүлөсүнөн ажырап жолдошу менен эки башка жолго түшүү алдында турган келин кайрылган.
Саламатсыздарбы! Менин психологго кат жазуумдун себеби айрандай уюган үй-бүлөм козголгону турат. Энемин да, чырылдап сактап калууга аракет кылып келе жатам, бирок акыркы учурда алым калбай баратат. Жеңилип калчудаймын. Анткени кармаштан моралдык да, материалдык жактан да чарчадым.
Башында менин да жаңылыштыгым болду. Балам кырсыктап калып акча керек болду. Айла жок, үйдү күрөөгө коюп насыя алгам. Кайындарыма кеңешкен эмесмин. Себеби баары бир макул болушмак эмес. Биздин турган үй кайнатамдардын үйү, жолдошум кичүү бала болгондуктан чоң үйдө калган. Анан насыяны убагында төлөй албай үйдү алдырып жибердик. Ошондон кийин бизде уруш-жаңжал башталды. Өзүбүз кайнатамдын бери жактагы экинчи тамына көчүп келгенбиз. Тынч жашоо жок. Кайнатам каза болгон, кайненем бар. Кайненем менен кыздары бизди бул үйдөн да кууп жатышат. Үч балабыз бар. Улуулары бой жетип калды. Кичүүсү мектепте окуйт. Жолдошума бир туугандары бизди же аялыңды танда деген шарт коюшту. "Балдарың менен бул үйдө жашай бер. Бирок аялыңды кетир, үйдү жоготту. Муну көргүбүз да келбейт" дешет. Эмне кылышты билбейм. Үй-бүлөмдү бузгум келген жок. Экинчиден, орто жаш куракта, эптеп балдарды окутуп жатканда темселеп батирлеп жүрмөк белем. Тагыраагы, балдарды тентитким келбейт. Ошол себептен "ажырашты" болуп Россияга кетип калсамбы деп жатам. Сиздер кандай кеңеш бересиздер? Болбосо үйдү улуу кайнежем алып койгону жатат. Ал өзү деле жакшы жашайт. Күйөөм байкуш жоош адам. Ал деле жаман болуп жатат, бирок эч нерсе чече албайт. Анткени эже-карындаштары аны укпайт. Агасы болсо кийлигишпейт. Анын аялы да мендей болуп таландыда калгысы келбейт. Келин болуп келгени кайненем менен кыздарына жакпадым. Өзүм да тажадым. Балдарыма түшүндүрүп, Россияда иштеп акча салып, аларды окутам. Психологдор бул кырдаалда кандай кеңеш берет? Балдарым кийин тигилердин тилине кирип мени күнөөлөп чыкпайбы?
"Кыргызча психология" долбоорунун мүчөсү, психолог Айнек Муратбекова:
— Чындыгында социалдык психологиянын багытынан алып караганда, үй-бүлө эки адамдан курулганы менен мамиледе бир канча адам бар. Ошол эле кайын журт, бала-бакыра жана туугандардын ой-пикири, жүрүм-туруму эки адамдын жашоосуна олуттуу таасирин тийгизет. Андыктан турмуш куруп жатканда бир гана адамды эмес, ал адамдын жакындарын дагы таанып алууну сунуштайм.
Сиздин маселеге келсек, негизи каттар психологдун ишмердүүлүгүн бир кыйла чектеп коёт. Сизге жакындан берилиши керек болгон көптөгөн суроолор бар. Ошондой эле үй-бүлөлүк маселер бир тараптуу каралбайт, экинчи тараптын да пикири маанилүү.
Кайнене менен кайнеже, кайын сиңдилериңиз сизди башынан эле жактырбаганын жазган экенсиз. Демек, үйдөн айрылып калганыңыз сизге карата ачык агрессияга себеп гана болгон. Андыктан сиз дагы ачык позицияга өтүңүз. Алгач өзүңүздүн чыныгы муктаждыгыңызды жана каалооңузду тактап алыңыз. Чындап ажырашууга даярсызбы? Эмнени каалап, эмнени туура деп эсептеп жатасыз? Ичиңиздеги үндү угуңуз. Ушул тепкичте эле көп нерсе анык болот. Ойлоруңузду кагазга жазыңыз, бул ыкма мээге баарын ачык көрсөтүүгө жана өз үнүңүздү угууга жардам берет (бул иштерди сиз адис менен аткарсаңыз дагы натыйжалуу болот).
Позицияңызды тактап алгандан кийин жолдошуңуз менен ачык сүйлөшүп, эки анжы болбой чечим кабыл алуусун талап кылыңыз. Себеби үй-бүлөлүк маселени жайгарууга бир адамдын күчү жетпейт.
Муну менен катар кайын журтуңуз жана өзүңүздүн ата-энеңиз менен сүйлөшүңүз. Биз, адамдар, ачык сүйлөшкөндү билбей эле ар нерсени ойлоп, ичибизде кыжалат боло беребиз.
Түшүнөм, көп убакыт керек. Бирок сөз сиздин турмуш жана балдарыңыздын келечеги жөнүндө болуп жатат. Андыктан бардык аракет сизден. Бирок ажырашуу — бул көйгөйдүн чечилиши эмес, бул андан качуу экенин билишиңиз керек.