Казыбек казалчынын акталышын майрамдаган Ат-Башы. Босогодогу тойдун сүрөттөрү

Ат-Башы районунун Босого жайлоосунда, ажайып жаратылышта акын Казыбек Мамбетимин уулунун 120 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде салтанаттуу белгиленди.
Sputnik
Иш-чарага бийлик өкүлдөрү, маданият кызматкерлери катышып, театрлаштырылган оюн-зоок коюлуп, улуттук оюндар ойнотулуп, жарманке уюштурулду.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн майрам кандай өткөнүн көрүңүз.
1 / 13

Өткөн аптанын аягында акын Казыбек Мамбетимин уулунун 120 жылдыгы белгиленди. Бул күнү Босого жайлоосу шаңга бөлөндү

2 / 13

Жайлоого атайын сахна коюлуп, анда Казыбек казалчынын кыска өмүрүн баяндаган театрлаштырылган оюн-зоок коюлду. Белгилей кетсек, Казыбек казалчынын чыгармалары совет доорунда жарыяланган да, окуп үйрөнүлгөн да эмес. Ага атасынын бай болушу, өзүнүн диний билим алгандыгы жана кулакка тартылганы, социализмдин идеяларын толук кабыл албагандыгы себеп.

3 / 13

Экинчи өмүрү башталган Казыбек казалчынын 120 жылдык мааракесине мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев жана башка аткаминерлер катышты

4 / 13

Сүргүнгө айдалган акын 94 жылдан кийин, быйыл 16-февралда, Жогорку сот тарабынан акталды. Ошондой эле 94 жыл катылуу турган сүрөтү табылып, казалчынын чыгармалары камтылган китеп жарык көрдү.

5 / 13

Иш-чарага Ат-Башы эли түп көтөрүлө келип, боз үйүн тигип, тамак-аштын түрүн коюп келген меймандарга сыйын көрсөттү

6 / 13

Акындын мааракесине карата 80дей боз үй тигилип, мыктыларына сынак да жарыяланган

7 / 13

Мамлекет сахна жасалгасына гана акча бөлгөнү болбосо, иш-чараны жергиликтүү бийлик менен Ат-Башы эли көтөргөн

8 / 13

Иш-чарада кол өнөрчүлөр шырдак, ала кийиз, туш кийиз сыяктуу эмгектердин түрүн көрсөтүп, мааракенин көркүн ачты

9 / 13

Кыргыз тоюн улуттук спорттук оюну жок элестетүү мүмкүн эмес

10 / 13

Мааракеде таяк тартыш, күрөш, эр эңиш сыяктуу мелдештер уюштурулду

11 / 13

Коомдук тартипке көз салган милиция кызматкери

12 / 13

Ат-Башы элинин сыйын көрүүгө жети дубандан коноктор да барган

13 / 13

Меймандар кырка тизилген боз үйлөрдөн даам сызып, жайлоонун таза абасынан дем алып, жаратылышта эс алып жүрдү

Тема боюнча:
Казыбек казалчынын 94 жыл катылуу турган сүрөтү табылды
Манастын Ала-Тоо жерин көздөй көчүшү. Улуу баяндан жети факт