Акун шаанын кандыгы. Ошол кезде Акунбешим пааша болгонго кырк беш жылга толуптур, анын казынасы байлыкка карк болуптур. Кырк беш жылда улуу дөөлөт куруптур, элинин аяк жагы Орол тоонун ичинде экен, жери отуз суунун алабында, бир жагында суу түгөнүп чөл болсо, бир жагында асман тиреген тоолор экен. Алар ээлеп жаткан кытай, калмак журтунда Дабаш, Тулус деген калдайлары, Кейгур деген амбалы, Дебеги деген баатыры паашанын ишенген кол башчылары катары аны туш-тушунан колдоп, кайтарып турат. Манастын кабарын эшитип, ошолорду чакыртат. Бул арада журтунун баарын аякка тургузуп, согушка даярдыкты баштайт. Чакырык кеткенге үч ай он төрт күн болгондо Жылгындуунун талаасына он беш жүз миң кол жыйналат. Мынча колдон жердин бети көрүнбөй, чаң асманга көтөрүлөт. Баары жыйылганда күңгүрөп добул согулат да, согушка белги берилет.
Жекеме-жеке уруштар. Акунбешимдин Кегети деген жайсаңы бар экен, ал "ак жалдуу кара ат минип, алтыны айчык тон кийип, көмкөрө калкан тартынып, көпкөк темир артынып" чыга келди кыргыз-казактын алдына жекеме-жекеге. Болот туулга кийип, көк найза көтөрүп, найзасы менен тоону сайса көчүрөр кубаты бар экен ал баатырдын ошол кезде. Ага каршы Манастын колунан Абдылда деген ары баатыр, ары балбан чыкты жекеме-жекеге. Абдылданын астындагы Аккуйрук деген аты өзү эле баарын жеп-жута тургандай алкынат. Кегети менен Абдылда экөө найзалашып тирешет, үзөңгүлөрү кагышып бирине-бири чирешет, аттарынын бели жерге тиер-тийбес болуп майышат, бир туруп алыстан келип сайышат, бир туруп жакын келип тиктеше калышат. Буларды көрүп тургандардын өз жагына жан тартып кабыргалары кайышат. Акыры экөө бири-бирине жакын келип албарс кылычтары менен алтымыш жолу чабышат, ага дагы болушпай, айбалта менен карсылдашып урушат. Ага дагы болушпай, күүлөнүп күрсү алышат, күрсүлөшүп калышат. Анан сексен-токсон чабышкан соң жааны колго алышат, жебе менен атышат, ага дагы болбойт, элүүдөн огу түгөнөт, эми мылтыкка дүрмөт салышат, бирин-бири аткылайт, жүздөн огу түгөнөт, айласы кетет акыры. Күн чыкканда башталган кармаш күн батканча созулат. Үстүндөгү кийимдери күкүм болот, жүргөн жердеги таштары топурак болуп майдаланат. Көктү жылдыз каптаганда дем алууга уруксат берилет. Эки баатыр бири-бирин жеңе албайт. Эртеси агарып таң атканда Тугалык деген калмак чыгат кармашка. Сары ат минип заңкайып, каңылжаары каңкайып чыккан бу баатырдын аркасында тору айгырдын жалындай айдар жүнү, төшүндө чарайнасы бар экен. Салмагы үч жүз батман дешти. Ал шайтанча бакырып чыкканда бул жактан Айдаркан уулу эр Көкчө тура албады. Ортого келди оолугуп. Тугалык кыйкырынып айбат кылып, камыштан жасаган найзасын сунуп Көкчөгө жете келди, шамалдай учуп-күйүп. Анын сунулган найзасын Көкчө тоону жарар күч менен кагып ийди. Кагып ийди да өзү найза кезеди. Калмак баатыр атынын тизгинин бура бергенде, өз тобуна кача бергенде баатыр Көкчө найзасын сайып үлгүрдү. Атынын мойнун кучактаган бойдон Эр Көкчө аны кууп өз тобуна кошуп келет. Ошол кезде Тугалыкка сөгүнүп, болбой калды мунуңар деп каарланып Жамыра деген жайсаңы күүлөнүп чыга келди. Анын Алагер деген атынын аяк-башы үч кулач экен, чоюлуп жатат, жаасы болсо асый өгүз белиндей келет, мунун да артында айдар чачы бар, саадагынын огу найзадай. Жамырасы Эр Көкчөгө даай албай, алыстан жаа менен атып кирет. Жебеси Көкчөнүн калканын жарып өтүп, соотун тешип, оң кабыргага сайылат, огу болсо оң жамбашка тийип, каны жайылып агат. Ачуу менен эр Көкчө найзасын алып Жамырага туштап туруп сайды эле, ал Алегердин үстүнөн саман салган каптай аңтарылып түштү. Андан соң Мөндү-Чебең балбаны чыгат, аны менен согушмак болуп баягы Манаска кыяматтык дос болгон Мажик атырылып барат. Мажик бети-башы жарылып жеңилип калганда кыпчактардын эр Үрбү кыйкырып майданга бара калып, Мөндү-Чебең менен кыйлага урушуп, акыры жеңип чыгат. Жекеме-жеке эртеси уланат, калмак жактан Акунбешимдин тууганы Тулус балбан даяр болот кыргыз-казак менен кармашка. Ошондо кыргыз жактан "Аккула минип болкоюп, найза колдо койкоюп, накери бутта чойкоюп, кылыч белде кыңгырап, ай балта жанда шыңгырап, аккелте жондо жаркылдап, ак асаба, сур желек", "ак шумкар куштай баркылдап" майданга Манас өзү келет. Тулус келе жаткан алп Манасты көрө калып, аба жара кыйкырып мунун ажалы жеткен экен деп күрсү менен бир чапты, Манас калкан менен тосо койду, ошентсе да көзүнөн от чыкты. Ачуусу келип, мындайды көрбөгөн Манас ызаланып, ачалбас кылычын алды кынынан, анан аны шилеп-шилеп отуруп акыры Тулустун жанын чыгарды. Муну көрүп турган калмактын отуз балбаны даяр турган белем, бирдейинен Манаска карай ат койду.
Жаамы колдун урушу. Манасты отуз балбан курчап каларда кан Бакай айгай салып, аскерлерди каптоого буйрук берет. Эки жаат бет келди. Капташып кетти. Жебенин огу кыркырап, тийген жери быркырап атты. Күркүрөтүп төө мылтык атты, жазайыл үнү жаңырды, койчагыр үнү чаңырды, бараң мылтык бадырады, ай балта, найза, күрсү шакылдады. Эки күнү, эки түнү уруш уланды. Эки жаат бир тыным албады. Күндүн көзү көрүнбөй асманга тозоң учту. Акун шаа жүз миң колу менен туу түбүндө байырлап турат. Аны көрүп арыстан Манас ошол жакка бет алды. "Кан болуп учу кызарган, душманын көздөй шилтесе кырк жети кез узарган кылычын" жаркылдатып, "маңдайында багы бар, кулагында шамы бар, куюндай учкан жаныбар Аккула менен" туу түбүнө кирип барып, түз эле алтын таажы кийген, ак жал кара ат минген Акунбешим канды көздөй качырды. Барып эле найзасын шилеп калды эле найзасы аркага тийип, ат үстүнөн кулаган бойдон кетти Акунбешим падыша. Манастын артынан жете барган Айнакул шайы оогон шаанын башын кыйып өттү. Баатыр Манастын токтой турган түрү жок, Аккула атын чуратып, алдынан чыкканын ач албарс менен сулатып чакчелекей салып барат. Аны көрүп Айдаркан уулу эр Көкчө бир жагынан, Дагалактын Мунары бир жагынан качырып жүрөт. Үчөөнүн артынан жоонун бир капталын жиреп "атка минсе ак жолтой, атышкан жоого сан колдой, жортуп чыкса ак жолтой, жоого тийсе сан колдой, Арстан Манас баатырдын абакеси Бакай кан" барат. Күлдүрдүн уулу Чалыбай, Күлдүргүчү Абдылда, Кара токо Мажиги, Камбардын уулу Чалиги, Акбалта бийдин Чубагы, айтылуу Кыргыл чал, жолборс кыял, бөрү көз, жооруну калың, жайык төш, ачуусу токтоо, жатык сөз" Бердибек – баары биринен бири өтүп уруш салып жатат. Бир убакта Сыргак көрүндү, Сыргак эмес, сырттан экен, сыны да – сыргак, өзү да сыргак бул жигит Көк казык деген атын минип, душмандын он эки баатырын бирдей ойрондоду. Караса баягы кайнаган маңгул менен калмактан кайраттуусу көрүнбөйт. Караңгы басып түн кирип, урушкан жерде калышты, эми эки жаат караңгыда чабышты. Караңгыда көп калмак жанын ала качып жоголду. "Качкан жоонун артынан аламанды кара журт коюп кетип баратыр, ай балталап чокусун оюп кетип баратыр, алтымыштан-элүүдөн союп кетип баратыр, кара канга камбылдар тоюп кетип баратыр". Качканы качты, качпаганы тутулуп калды. Качканы түмөн кол экен, качпаганы туткунга түшкөн шор экен.
Качкындар. Түнү менен качкандардын арасында Мерки жайсаң, Шамы шаа дегендери бар экен. Жылып-жылып отуруп алар ар жерден чачырап, уруктай болуп ар-ар жерге төгүлөт. Анан ошол Чүйдөн чыккан качкындар бир бүтүнгө биригүүнү ниет кылат. Меркеш, Мерки, Шамың шаа, Дабагы деген кытай, калмак, маңгул кол башчылары биригип Олуя-Ата деген жерде кеңеш курат. Бул жерлердин баарын кыргыз, казак, өзбектен тазалап чыгалы, өзүбүз гана калалы дешет алар бир пикирге келип. Мындай өтө жашыруун кепти Кетелик деген калмак угуп калат, ал Күдүңбай деген кыргызга айтып коёт. Төртөөнүн түгөтөр амалынан коркуп, Күдүңбайдын эскертүүсүнөн кийин чочулаган кыргыздар туш келди үркүп жөнөйт.
Панус кан. Шо кезде Ташкенде Панус деген кан бийлик кылчу. Акунбешимдин Манастын колунан ажал тапканын угуп, бул Манасы кандай неме болду экен, аны менен бир урушуп, Акун шаанын кегин алып берейин деп ойлойт. Ойлоп эле калбай кол топтойт. Ташкен бойлой жашаган кыргыз менен казакка кыргын салат, кыйла адам Панус кандын буйругу менен бейажал өлөт. Күч топтогон, курал жыйган Панус кан Манастын колунун келишин күтүп жатпай урушууга өзү жолго чыгат күн чыгыш беттей. Каракомок колдун сүрүн көрүп, кокту-колотто эптеп күн өткөрүп аткан кыргыздар Асылбек деген баатыр жигитти баш кылып алат да, кол курайт, аксакалдын алдынан кыя өтпөгөн адаты менен көптү көрүп, көп билген, акыл билги Көкөтөй деген карынын астына барышат баары чогулуп. Көкөтөй Манас баатырдын даңаза менен даңкын угуп жүргөн экен, алдына келген кыргыздар менен андай-мындай деп отуруп, акыры Манаска кошулалы деген чечимге келет. Бул убакта кыйла убакыт өтсө да Манастын колу качкандардын артынан кууп келе жаткан болот күн жүрүшкө карай. Кези келип, Панус кандын колу менен Манастын колу кезигип, ай талаада катуу уруш башталат. Панустун колунун арт жагынан келе жаткан Асылбек баштаган казак, кыргыз, өзбектер да катуу согушуп, ортодон кысып Ташкен канын такыр алсыратат, эптеп качканы Ташкен калаага качат, кача албай калганы карга менен кузгунга жем болот. Качкандарды кууган Манастын колу, аларга кошулган Асылбектин жигиттери Ташкенге чейин куугун болуп келет, калаанын тымтыракайын чыгарат. Ошол кезде дагы бир калмак баатыры Кыйтууча дегендин колу Манасты билгизбей келип чаап кетмек болот. Күчтөнүп алган Эр Манасты чаба албашына көзү жетип, элдин жылкыларын айдай кетет. Бул кабар Манаска угулуп, ал жигиттери менен "жылкы тиерлердин" артынан түшүп, аларды экинчи өйдө болгус кылып таш-талканын чыгарат.
Көкөтөйдүн Ташкенге кан көтөрүлүшү. Көп жыл Панус кан көп калаа менен көп талаага ээлик кылып, ал жерлерди гүлдөткөн экен. Байтагы Ташкен болуптур, Ташкенге калк толуптур. Манас баатыр ошол Ташкенге даанышман киши Көкөтөйдү кан көтөрүп, алтын таажы кийгизет, арбын элге, аргын журтка бийлик кылуу милдетин берет. Кытай менен калмактар, аларга кошулуп могулдар кырса бүтпөс жан экен, качып-качып отуруп, аздан, көптөн болуп Араник деген жерди жерлеп алышат, жерлеп эле калбай ээлеп калышат. Биротоло аларды жок кылалы деп кыргын, сүргүн менен аларды талкалайт Манас баатыр баш болгон кыргыздар менен казактар. Эми душмандын күчү жоголду, жерибизди азат кылдык, кыргыз менен казакка эркиндикти алып бердик, көп жылдык согуш аягына чыкты го деп Манас баатыр колу менен Таласты аралап, Таластын көркөмү келишкен ажайып жерине суктанып, сууларын ичип көрүп, куштарынын үнүнө куштарланып, андан ары Алтайга жол тартат...