Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына кантип тапшырууга болот?

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы 2022-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алат. Бул материалда кантип КММАнын студенти болуу керектиги тууралуу кенен айтып беребиз.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттиги абитуриенттерге жардам иретинде Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы тууралуу бардык маалыматтарды чогултту.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына кантип тапшырууга болот?

КММАга документтерди кабыл алуу Билим берүү жана илим министрлигинин тийиштүү буйругу чыккан соң министрликтин сайтында онлайн форматта башталат.
Гранттык жана контракттык орундарга кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
КММАнын бюджетине жана контрактына кирүү үчүн көрсөтүлгөн ЖРТнын босого баллы министрликтин буйругу менен бекитилет.
Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайлары министрликтин сайтында керектүү маалыматтарды камтуу менен көрсөтүлөт. Сиз ЖОЖду, багытты, адистикти тандап, ЖРТнын электрондук билетин тапшырышыңыз керек.
Тиешелүү окуу тармагында көрсөтүлгөн предметтик тесттин жыйынтыгы да талап кылынат. Негизги тесттен тышкары кошумча тесттин жыйынтыгы да каралат (химия, биология).
Эгерде сынактын жыйынтыгы ийгиликтүү болсо, сиз кабыл алуу процедурасынан өтүп, өз адистигиңиз боюнча окууга ниетиңизди окуу жайына ырасташыңыз керек. Бул үчүн кыска мөөнөт ичинде автоматташтырылган маалымат системасына паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жалпы орто билими жөнүндө аттестат же орто кесиптик билими тууралуу диплом, аттестаттын титулдук барагы, окуу акысын төлөгөндүгү тууралуу квитанция (же келишим) тиркелиши керек.
Бардык документтердин түп нускасы окуу жылынын башында КММАга тапшырылышы зарыл.
Кыргызстандын жарандары кандай документтерди көрсөтүшү керек:
КММАнын ректорунун наамына жазылган арыз (арыздын үлгүсүн университеттин сайтынан көрүүгө болот);
ЖРТнын сертификатынын оригиналы (күндүзгү бөлүмгө тапшыруучулар);
жалпы орто же орто кесиптик билимин тастыктаган мамлекеттик документ;
4x6 өлчөмүндөгү 2 сүрөт, 3x4 өлчөмүндөгү 4 сүрөт;
аскер билети же каттоо күбөлүгү;
документтерди кабыл алууга берилген төлөмдүн квитанциясы;
паспорттун көчүрмөсү (туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү).
Документти кабыл алууга канча акча жана кайда төлөө керек?
Документтерди кабыл алуунун баасы 350 сом. Акчаны университеттин эсебине которуу керек, реквизиттер төмөнкүлөр:
ОКПО 02057565
Банк: КРдин Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгы
Р/с 4402031102002770
БИК 440001, которуу үчүн 440203
Функционалдык класс: 70942. Алдыңкы (ведущий) класс: 37121
ИНН 02512199610050
Дареги: Ахунбаев көчөсү, 92
Төлөм коду: 14239900 – документтерди кабыл алуу.
КММАга тапшырууну каалаган коңшу мамлекеттердин жарандарына кандай документтер керек:
университеттин ректорунун наамына жазылган арыз;
жалпы орто же орто кесиптик билимин тастыктаган мамлекеттик документ;
4x6 өлчөмүндөгү 2 сүрөт, 3x4 өлчөмүндөгү 4 сүрөт;
КРдин Билим берүү жана илим министрлигине жалпы орто билимдин эквиваленттүүлүгү жөнүндө күбөлүк (Россия, Беларусь, Тажикстан жана Казакстандын жарандарынан тышкары);
паспорттун көчүрмөсү (туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү);
документтерди кабыл алууга берилген төлөмдүн квитанциясы;
№086/ж медициналык маалым кат;
жашаган жеринен маалым кат.
КММАга тапшырууну каалаган чет өлкөнүн жарандарына кандай документтер керек:
университеттин ректорунун наамына жазылган арыз;
КРдин мыйзамдарынын талаптарына жооп берген кирүү визасы бар паспорт жана анын көчүрмөсү;
окуган предметтерин жана бааларды (балдарын) көрсөтүү менен толук орто билими жөнүндө документтин түп нускасы жана нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
толук орто билими жөнүндө документтин КРдин расмий тилине нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу же аспирантурага тапшырган талапкерлер үчүн жогорку медициналык билими жөнүндө диплом;
улуттук NEET тестинин жыйынтыгы (Индия жарандары үчүн);
толук орто билимдин эквиваленттүүлүгү жөнүндө КРдин Билим берүү жана илим министрлигинен маалым кат;
4x6 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
ВИЧ-инфекциянын жана гепатит В, С, D, маляриянын жоктугу тууралуу маалым кат;
документтерди кабыл алууга берилген төлөмдүн квитанциясы;
чет өлкөлүк жарандарды чет өлкөлүк медициналык университеттерге кабыл алуу үчүн келип чыккан өлкөнүн талабы боюнча талап кылынган документтер (мисалы, Индиянын медициналык кеңешинен чет өлкөдө окууга макулдугу жөнүндө күбөлүк).
Документтерди кабыл алууга 350 сом төлөнөт:
Kookmin Bank Seoul (Сеул) РСК Банкы (АКШ доллары менен)
56А: Intermediary Bank
SWIFT: CHASUS33
JP Morgan Chase Bank, NY
57A: Beneficiary Bank:
SWIFT: CZNBKRSE
Kookmin Bank
59A Beneficiary
ACC: 8D9-8-USD-01-9
JSC RSK BANK
SWIFT: SESVKG22
Bishkek, Kyrgyzstan, 80/1, Moskovskaya Str.
59A Beneficiary
ACC: 1299005030100020 (АКШ доллары)
Банк: КРдин Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгы, чет элдик валютадагы төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн транзиттик эсептер (АКШ доллары менен)
Эсеп коду: 14239900 – документтерди кабыл алуу

КММАнын факультеттери жана адистиктер:

Стоматология:
тиш доктору;
дантист;
жаак-бет хирургу.
Дарылоо иши:
хирургия;
терапия;
эндокринология;
оториноларингология;
неврология;
урология;
дерматовенерология;
акушердик жана гинекология;
реабилитология;
кесиптик оорулар.
Педиатрия:
балдар хирургиясы;
балдар гинекологиясы;
неонатология;
балдар эндокринологиясы.
Фармация:
кенен профилдеги фармацевт.
Дарылоо-профилактикалык иштери:
балдар жана чоңдор гигиенасы;
жалпы гигиена;
эмгек гигиенасы;
тамактануу гигиенасы;
коммуналдык гигиена;
радиациялык гигиена;
эпидемиология;
диетология;
коомдук саламаттык сактоо (саламаттык сактоо уюму).
Жогорку медайымдык билим:
медайымдык иш менеджери, окутуучу.

Келишимдик негиздеги бөлүмдөрдүн баасы (сом менен төлөнөт):

дарылоо иши — 55 000 сом;
педиатрия — 55 000;
стоматология — 66 000;
фармация — 48 000;
жогорку медициналык билим алууга багытталган фармацевтика — 45 000;
орто билим алууга негизделген фармацевтика — 40 000;
дарылоо-профилактикалык иштер — 33 000;
кесиптик-техникалык билимдин базасында медсестралык иш — 40 000;
медайым иши — 26 350.
КМШ жарандары үчүн контракттык бөлүмдө окуу баасы:
дарылоо иши — 140 000;
педиатрия — 140 000;
стоматология — 150 000;
фармация — 130 000;
жогорку медициналык билим алууга багытталган фармацевтика — 130 000;
орто билим алууга негизделген фармацевтика — 130 000;
дарылоо-профилактикалык иштер — 128 000;
медайымдык иш — 97 000.
Баткенде медакадемиянын комплексине капсула салынып, ага Жапаров катышты. Сүрөт

КММАнын тарыхы

1939-жылдын 16-апрелинде Кыргыз ССРинин Элдик Комиссарлар Кеңешинин токтому кабыл алынып, анын 1-пунктунда "1939-жылдын 1-сентябрынан тарта Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик медициналык институту ачылсын жана 1-курска 200 студент кабыл алынсын" деп жазылган. Жогорку медициналык окуу жайдын пайдубалын курууга Москва, Санкт-Петербург, Харьков жана Киев шаарларынан профессорлор, окутуучулар көмөктөшкөн. 1943-жылы 120 дарыгер медициналык институттун алгачкы бүтүрүүчүлөрү болушкан.
Алгач ССКП тарыхы жана политэкономия, нормалдуу анатомия, биология, гистология, жалпы химия, физика, чет тилдер жана башка кафедралар түзүлүп, болгону 16 окутуучу эмгектенген. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кыргызстанга экинчи Харьков медициналык жана стоматологиялык институту менен Москва стоматологиялык институту көчүрүлүп, Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна кошулган. Согуш учурундагы кыйынчылыктар институттун жумушуна тоскоолдук жаратып, окуу мөөнөттөрү 4-4,5 жылга чейин кыскартылган.
1943-жылы медициналык институтту 120 студент бүтүрүп, жалпысынан ошол жылы 250 дарыгер даярдалган. Институтту бүтүрүү мөөнөтү согуш аяктаган соң 1948-жылы 6 жылдык мөөнөткө өткөн. Экинчи курстан баштап анатомия, гистология, физиология жана биохимия боюнча мамлекеттик сынактары киргизилген. 50-жылдары институтка кабыл алуу кеңейтилгендиктен, дарыгерлерди кесиптик даярдоо иштерин башташкан. 60-жылдары институтта техникалык каражаттарды колдонуу менен билимди программалык жактан текшерүү киргизилип, билим берүү тартибинин илимий негиздери иштелип чыккан. 70-жылдары Медициналык институт физиологиянын, патологиянын, организмди тоолуу шарттарга көндүрүү маселесин чечүүдө СССР аймагында алдыңкы орунда турган.
80-жылдары окуу-методикалык жана илимий изилдөөлөрдүн жүрүшү олуттуу жакшыртылган. КММИ тоолуу медицинанын изилдөө маселелери боюнча интеграциялык байланыштарды күчөтүү максатында эл аралык аренага чыккан. Структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу КР президентинин жарлыгы менен институт Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы болуп реорганизацияланган. 2008-жылдын 25-сентябрында мамлекет башчынын жарлыгы менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына Иса Ахунбаевдин ысымы ыйгарылган. Ректорат академияга өтүү чараларын рынок экономикасынын шарттарында ишке ашырат. Андан кийин контракттык окутуу системасы пайда болгон. Окуу-методикалык жана илимий изилдөөлөрдүн жүрүшүн модернизациялоо иштери жүрөт. КММА 2000-жылы эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылган жаңы окуу программаларын киргизүүнү баштаган. Бүгүнкү күндө КММА дарылоо, педиатрия, стоматология, чет элдик жарандар факультети жана фармацевтика институттары, жогорку медайымдык билим берүү, коомдук саламаттык сактоо жана башкаруу факультеттери жана медициналык окуу жайы бар. Андан сырткары, КММА дипломдон кийинки билим берүү институту, медицина жана биологиянын фундаменталдык маселелери боюнча илимий изилдөө институту жана Эл аралык кызматташуу борбору иштейт. Академия жакынкы жана алыскы өлкөлөрдүн жарандарын дарыгерликке окутат, окутуу орус жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы тууралуу маалымат:

Бүгүнкү күндө КММАда 40 миңден ашык бүтүрүүчү, 6000 студент, клиникалык ординаторлор жана интерндер, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген 800 жогорку квалификациялуу окутуучулар, анын ичинде КР УИАнын академиктери жана корреспондент-мүчөлөрү, илимдин докторлору жана кандидаттары бар. Ошондой эле Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгерлери, илимге, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагына эмгек сиңирген ишмерлер сабак берет. Академияда сегиз багыт боюнча жогорку кесиптик билим, 112 адистик боюнча ординатура, 80 адистик боюнча докторантура, 80 адистик боюнча аспирантура, жогорку билимди алгандан кийинки жогорку ординатура 55 кафедрада жүргүзүлөт, анын ичинен 21 теориялык жана 34 клиникалык профилде. Муну менен катар 9 диссертациялык кеңеш, Төө-Ашуудагы илимий база, 58 илимий ийрим, 4 окуу корпусу, морфологиялык корпус, лекторийлер, 6 студенттик жатакана, 54 окуу-клиникалык база жана өндүрүштүк практика базасы, 500 миң нускадан ашык китеп фонду жана 100 аталыштагы мезгилдүү басылмалар менен китепкана, пластинация музейи, интернетке кирүүчү ресурстук борбор жана ар түрдүү форматтагы мультимедиалык ресурстардын китепканасы жайгашкан.

КММАнын киреше булагы:

Медициналык академияда студенттердин 27,3 пайызы бюджетте, 72,7 пайызы контракттык негизде билим алат.
Окуу акысынан 498 миллион сом түшсө, анын теңинен көбү — 278 миллион сому чет элдиктерден алынат.
Контрактын 57,2 пайызы мугалимдерге жана Медакадемиянын жалпы кызматкерлеринин маянасына кетет. Калганы коммуналдык төлөмдөргө, капиталдык оңдоо иштерине, эмерек сатып алуу, материалдык-техникалык базаны чыңдоого жумшалат. 2019-жылы 51 миллион 528 миң сом китеп, эмерек, техникалык жабдыктар жана компьютерлерди сатып алууга кеткен. Ал эми 118 миллион 178 миң сом капиталдык жана күнүмдүк оңдоо иштерине жумшалган. Бир жылда 7-10 миллион сомго чейин китеп сатып алышат.
2019-жылы социалдык фондго 105 миллион сом, киреше салыгына 35,9 миллион сом төккөн. Бардыгы болуп бир жылда мамлекетке 141 миллион сомдой төлөп келген.
Бюджетте окуган студенттерге бир жылда 10 миллион 139 миң сомдун тегерегинде стипендия төлөнгөн. Ар бир студентке окуганына жараша айына 800 сомго чейин стипендия берилет. Андан тышкары, абдан активдүү, окуусунда да ийгилик жараткан студенттерге сый акы каралган.
Студент бюджеттик негизде окуп жатып, окуудан чыгып кетсе, ушул аралыкта кеткен чыгымды өлкө бюджетине кайра кайтарып берет. Эгер бюджеттен окуп бүткөндөн кийин эки жыл мамлекет жиберген аймакка барып иштеп бербесе, анда да 6 жылдык мамлекеттин чыгымын төлөп берүүсү керек. Өкмөттүн ушундай токтому бар.
Негизги киреше да ушул чет элдик студенттерден түшөт. Чет элдиктерден түшкөн киреше алгач эле алардын билим алуусуна толук шарт түзүп берүүгө көбүрөөк жумшалат.
Жергиликтүү студенттер окуу акысын 55 миңдин тегерегинде, жакынкы чет өлкөдөн келгендер 80 миңдин айланасында төлөйт. Ал эми Индия, Пакистан, Түштүк Кореядан келген студенттер 3000 доллардын айланасында контракт акысын төлөп окушат. Кыргызстанда медицина тармагында билим берүү башка мамлекеттерге салыштырганда арзан деп эсептелет.
КММАда негизинен 28 мамлекеттен келген студенттер бар. Акыркы учурда Түштүк Кореядан келгендердин саны арбып барат. Себеби бул мамлекетте да КММАнын диплому жарактуу.
КММАда директордук жана ректордук кызматта иштегендер:
Эльберт Борис Яковлевич;
Удерман Шоела Усерович;
Щупик Платон Дукич;
Сергей Петухов Карпович;
Ахунбаев Иса Коноевич;
Айдаралиев Асылбек Айдаралиевич;
Нургазиева Фатима Нургазиевна;
Исабаева Валентина Абылдаевна;
Данияров Санжарбек Бакирович;
Мурзалиев Арстанбек Мурзалиевич;
Акылбеков Искендер Кадырбекович;
Т. Мейманалиев;
Адамбеков Доктурбек Адамбекович;
Кудайбергенова Индира Орозбаевна;
Зурдинов Аширали Зурдинович;
Индира Кудайбергенова (2016–жылдан бүгүнкү күнгө чейин).
Дареги: Бишкек, Ахунбаев көчөсү, 92
Телефон (0312) 56-97-15
pk_kgma@mail.ru
Бишкек мамлекеттик университетине (БГУ) кантип өтүүгө болот?