Кино үчүн жаралган талант. Залкар актёр Болот Бейшеналиевдин сүрөттөрү

Бүгүн белгилүү актёр, КРдин эл артисти Болот Бейшеналиевдин туулган күнү. Таланттуу инсан бул жарыкта болгондо быйыл 85 жылдыгын белгилемек. Sputnik Кыргызстан агенттиги анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Болочоктогу атактуу актёр Чүй боорундагы Кемин районунун Калмак-Ашуу айылында 1937-жылы 25-июнда жарык дүйнөгө келген. Элеттеги мектепти аяктагандан кийин борбордон билим алам деп келет, бирок эки жыл катары менен окууга өтпөй калат. Жаш Болот театрда иштеген айылдашын сахнадан көрүп таасирленип, Опера жана балет театрынын алдында студияга тапшырып театр дүйнөсүнө кадам таштаган. Жаш жигиттин талантын ошол кездеги маданият министри Казакбаев да байкап, аны Ташкенттеги театралдык институтка жөнөткөн. Ал жогорку окуу жайды бүтүрүп диплом менен келген артистти министрдин чечими менен Нарынга жибермек болушат. Бирок Болот ал жакка баруудан баш тартып коёт. Ошентип жетекчиликке баш ийбеген Бейшеналиев бир жылдай бош жүрүп, киночулар менен иштешип Мелис Убукеевдин "Тайгак кечүү" фильминде роль жараткан. Андан соң "Биринчи мугалим", "Ак Мөөр", "Саманчынын жолу", "Отко таазим", "Жамийлага" тартылган. КРдин эл артисти жалпы 100дөн ашык фильмдерде образ жаратып, бир топ сыйлыктарга татыган. Кино үчүн жашаган актёр 2001-жылы 17-ноябрда 64 жашында көз жумган.
1 / 15

"Биринчи мугалим" кинокартинасындагы башкы ролдордогу Болот Бейшеналиев менен Наталья Аринбасарова

2 / 15

Болот Бейшеналиев алгач Опера жана балет театрынын алдындагы эки жылдык студияны бүтүргөн

3 / 15

Согушка уулун жөнөткөн эне: атчан — актёр Болот Бейшеналиев жана аны кетиргиси келбеген эне (Бакен Кыдыкеева)

4 / 15

Залкар калемгер Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" повестинин негизинде тартылган фильмде Бейшеналиев мугалим Дүйшөндүн образында

5 / 15

"Отко таазим": Болот Бейшеналиев менен кинорежиссёр Төлөмүш Океев. Ал кинокартинада актёр бийлик өкүлү Азизовдун ролунда

6 / 15

Темир жол станциясындагы Дүйшөн (Болот Бейшеналиев) менен Алтынай (Наталья Аринбасарова). 1966-жыл

7 / 15

Режиссёр Геннадий Базаровдун "Биринчи" тасмасындагы актёр Болот Бейшеналиев менен актриса Наталья Аринбасарова. 1984-жыл

8 / 15

Үсөнжан Ибрагимовдун "Таштагы жылмаюу" кинофильминде Бейшеналиев башкы каарман Эсенгелдинин образын жараткан

9 / 15

"Көздүн карегинде" Болот Бейшеналиев башкы каарман Эркиндин, россиялык актриса Светлана Данильченко анын аялынын ролун аткарган

10 / 15

Геннадий Базаровдун "Көздүн кареги" тасмасында актёр Москвада орун-очок алган Эркиндин образында

11 / 15

Режиссёр Мелис Убукеев менен залкар актёр Болот Бейшеналиев. "Манастын ааламы" тасмасын тартуу учуру. Ысык-Көл облусу, 1995-жыл

12 / 15

СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиев "Көздүн кареги" фильминде, 1975-жыл

13 / 15

КРдин эл артисти чет элдик жана жергиликтүү киночулардын ондогон тасмасына тартылган. Сүрөттө Гүлмира Сунгатуллинанын "Азиат" тасмасын тартуу учуру, 1991-жыл

14 / 15

Кыргыз Республикасынын эл артисттери Болот Бейшеналиев, Гүлсара Ажыбекова, Орозбек Кутманалиев, Акылбек Мураталиев, Мурат Мамбетов жана жаш каскадёрлор. Бишкек шаары, 2001-жыл

15 / 15

Актёр 2001-жылы 17-ноябрда жүрөк оорусунан улам 64 жашында көз жумган

Тема боюнча:
Кызылча талаасына байланган өмүр. Зууракан Кайназарованын архивдик сүрөттөрү
Өмүрүнүн 70 жылын музыкага арнаган. Маэстро Асанкан Жумакматовдун сүрөттөрү