Эрнст Акрамов 86 жашка чыкты. Ажат ачкан алтын колдуу хирургдун сүрөттөрү

Бүгүн белгилүү хирург, профессор, медицина илимдеринин доктору Эрнст Акрамовдун туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги эл баатырынын сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Эрнст Акрамовдун 1936-жылы 24-июнда Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келип, борбор калаадагы №10 орто мектепте билим алган. Кийин Медицина институтунда жогорку билимдүү болуп, №2 шаардык клиникалык ооруканада хирург болуп баштаган. Андан соң операциялык хирургия кафедрасында аспирантурада окуп, көп жылдан бери хирург болуп иштеп, уникалдуу операцияларды жасап келет. Ошондой эле анын медицинада ондогон ойлоп табуулары, 350дөн ашык илимий иши бар.
Профессор 1989-1992-жылдары СССРдин, кийин КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. 86 жаштагы медицина илимдеринин доктору азыр Чүй облустук ооруканадагы хирургия бөлүмүн жетектеп келет.
1 / 12

Эрнст Акрамов эмгек жолун 24 жашында борбор калаадагы ооруканалардын биринде баштаган

2 / 12

Жаш кез: белгилүү хирург Акрамов менен атактуу актёр Сүймөнкул Чокморов

3 / 12

Ооруканада бейтапты дарылап чыгарган медицина илимдеринин доктору. Ак халатчан 1989-1992-жылдары СССРдин эл депутаты болгон

4 / 12

Профессор дартты аныктап, жаштар менен тажрыйбасынан бөлүшүүдө. Хирург эмгек жолунда бир топ шакирт тарбиялаган

5 / 12

КРдин Эл Баатыры замандаштары менен. Хирург 20га чукул илимдин доктору жана кандидаттарын тарбиялап чыгарды

6 / 12

Дартынан арылып айыккан бейтап залкар хирург менен. Профессор бир топ операцияларды жасап, 20дан ашык ойлоп табуунун автору болуп эсептелет

7 / 12

Медицина илимдеринин докторунун ооруканада иштеп жүргөнүнө 60 жылдан ашты

8 / 12

Өмүрүн ата мекендик медицинага арнаган инсан бейтаптар менен. Дарыгер "Ак Шумкар" өзгөчө белгисине, "Данакер" орденине татыган

9 / 12

Окумуштуу үй-бүлө курган эмес. Азыркыга чейин бейтапканада иштеп, ошол жакта жашайт

10 / 12

Ыраазычылыгын билдирген кыргызстандыктар. Акрамов өзү да канча адамга операция жасаганын санаган эмес

11 / 12

Эрнст Акрамов: медицина — ааламдагы эң ыйык кесип

12 / 12

Чарчап-чаалыкпаган хирург бүгүн 86 жашка толду

Тема боюнча:
Кызылча талаасына байланган өмүр. Зууракан Кайназарованын архивдик сүрөттөрү
Өмүрүнүн 70 жылын музыкага арнаган. Маэстро Асанкан Жумакматовдун сүрөттөрү