"Бүтүн Кыргызстан" добуш берүүдөн баш тартып, казино мыйзамы ара жолдо калды

Мадумаров фракция ушундай жол менен позициясын билдирип жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеште казиного уруксат берүү мыйзам долбоору ара жолдо калды.
Эки ирет добушка коюлганда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын мүчөлөрүнүн баары жана "Ыйман Нурунун" лидери Нуржигит Кадырбеков добуш бербей койду.
Андан соң Мадумаров чыгып фракция ушундай жол менен позициясын билдирип жатканын айтты.
"Мындан башка айлабыз калган жок. Каршы добуш берсек баары бир өтүп кетет. Башка арганы калтырган жоксуңар, талкууга, башка пикирлерди угууга тыюу салдыңар. Бул мыйзамга биз караманча каршыбыз, ошондуктан добуш бербей блоктогонго укугубуз бар. Мыйзамдын өтүшүнө каршы экенибизди ачыктан ачык жарыялайбыз", — деди Мадумаров.
Андан соң төрага Талант Мамытов регламент боюнча ар бир депутат "макул" же "каршы" деп өзүнүн позициясын билдириши керектигин айтып, кайра добушка койду. Бирок анда да добуш бербей коюшту.
Мындан улам спикер фракция лидерлерин кеңешип алалы деп чакырып кетти.
Белгилей кетсек, парламенттин регламенти боюнча жыйынга катышып жаткан депутат добуш бербей койсо мыйзам өтпөйт.
Ташиев: ыймандуу көрүнгөн депутаттар казинодон чыкпай жатып калганын билем