Кызылча талаасына байланган өмүр. Зууракан Кайназарованын архивдик сүрөттөрү

Бүгүн Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры, бир нече чакырылыштын депутаты Зууракан Кайназарованын туулган күнү.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттиги окурман журтчулугуна күжүрмөн эмгекчинин сүрөттөрүн сунуштайт.
Атагы алыска кеткен Зууракан Кайназарова 1902-жылы 18-июнда Чүй облусунун Сокулук районундагы Белек айылында кедей-кембагалдын үй-бүлөсүндө төрөлүп, ачка-ток болуп өскөн. Кийин турмушка чыгып, 27 жашында алгачкылардан болуп колхозго мүчө болгон. Ал Чүйдүн талааларында 1935-жылдан баштап кызылча өстүрүп, бир гектар жерден 103 тонна түшүм алып дүйнөлүк рекорд көргөзгөн. Кийинки жылдары СССРдин Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры ал көрсөткүчтү 100-125 тоннага чейин жеткирген. Ал эми согуш жылдары жети баланы асырап өстүргөн.
Күжүрмөн эмгектин аркасында кызылчачы үч ирет Ленин, бир жолу Эмгек Кызыл Туу орденине татып, СССРдин Жогорку Советинин бир нече чакырылышына депутат болуп шайланган. Кайназарова 40 жылдай талаа-түздө күнү-түнү иштеп жүрүп 70 жашында буту баспай калып, 1982-жылы 4-июнда 80 жашында кайтыш болгон.
1 / 13

Кант кызылчасын кабыл алган ишканага түшүм жүктөп барган Кайназарова. Сокулук району, 1946-жыл

2 / 13

Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры неберелери Төрөбай жана Жамал менен. 1973-жыл

3 / 13

Оңдон солду көздөй: СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева, кызылчачы Зууракан Кайназарова жана балет бийчиси Чолпон Жаманова. Фрунзе шаары, 1958-жыл

4 / 13

Түшүм жыйноо учуру. Сүрөттө Кайназарова өзүнүн звеносундагы Салый Борсолдоева жана Саара Иманалиева менен. 1946-жыл. Чүйлүк кызылчачылар бир гектардан 1250 центнерге чейин түшүм жыйнап, даңазасы артып турган эле

5 / 13

Татина Дегембаеванын звеносу кызылча талаада тамактанып отурушат. Чүй облусу, Дружба колхозу, 1977-жыл

6 / 13

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты жазгы талаа иштеринде. Чүй облусу, 1946-жыл

7 / 13

Зууракан Кайназарова жана колуна комузун кармап турган жолдошу Иманалы Кайназаров. 1953-жыл

8 / 13

Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар комитетинин төрагасы Төрөбай Кулатов кызылчачыны сыйлап жаткан учуру

9 / 13

Колхозчулардын республикалык съезди: Социалисттик эмгектин баатыры Мария Дубинская, Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры Зууракан Кайназарова замандаштары менен

10 / 13

Бакчада жакындары менен чай ичип отурган туугандар. 1957-жыл

11 / 13

Мектеп окуучуларынын курчоосундагы эл сыймыгы. СССРдин Жогорку Советинин бир нече чакырылышынын депутаты мыкты уюштуруучу болгон

12 / 13

Акын Аалы Токомбаев жана эл сыймыгы Зууракан Кайназарова. 1970-жыл

13 / 13

Зууракан Кайназарова 1982-жылы 4-июнда 80 жаш курагында көз жумган

Тема боюнча:
Түнөп, таңда комуз менен гимн аткарган Калык Акиев. "Кыргыз радиосунун" 90 жылдык тарыхы
Москвалыктарды таңданткан кыргыздар. 83 жыл мурдагы декада ирмемдери
Кыргызстанда темир жол кантип курулган? Тарыхый ирмемдер
Өмүрүнүн 70 жылын музыкага арнаган. Маэстро Асанкан Жумакматовдун сүрөттөрү