Саламаттык сактоо министрлигинин кардиологу жана башкы аритмологу Дамир Осмонов Sputnik Кыргызстан редакциясына берген маегинде гипертония оорусунун кооптуулугун айтып берди.
— Гипертония менен калкыбыздын жарымынан көбү жабыркап жаткандыгы белгилүү. Буга эмне себеп болууда?
— Жогорку кан басымы бизде эле эмес, дүйнөдөгү эң көп кездешкен оорулардын бири. Себеби абдан көп. Жаш өткөн сайын адамдын кан басымы да жогорулайт. Мунун тамактануу менен түздөн-түз байланышы бар. Канчалык майлуу жана туздуу тамактарды көп жей турган болсок, кан басымдын да көтөрүлүү ыктымалдуулугу ошончолук күчөйт. Шаарыбыздагы абанын тазалыгына да байланыштуу болууда. Богок бези, бөйрөк, бөйрөктүн үстүндөгү гормондордун керектүү көлөмдөн көп болушу, айрым онкологиялык оорулар, кан тамырлардын ичкерип кетиши да кан басымдын көтөрүлүшүнө шарт түзөт.
— Жогорку кан басымдын түрлөрү да бар экен...
— Кан басымдын нормалык чектен ашып кетиши — артериялык гипертония деп аталат. Мисалы, бир кишинин кан басымы 160/70 болуп жатат дейли, бул жогорку болуп эсептелинет. Экинчи бир кишиде ал 120/100 болушу мүмкүн. Мында кан басымдын астынкы көрсөткүчү жогору болгондуктан бул дагы гипертонияга кирет. Бардык организм жүрөк жыйрылганда кан менен камсыз болсо, жүрөк өзү дем алган учурда гана камсыздалат. Кан басымдын астынкы көрсөткүчү (120/100) — жүрөктүкү. Ошондой эле гипертония биринчи жана экинчи стадия болуп бөлүнөт. Бул стадиялардын нормалык чеги ар бир мамлекетте, аймакта ар башкача коюлган. Ошол жердин табиятына, жаратылышына, аба ырайына да жараша болот.
— Барган сайын гипертония да жашарып жатканы белгилүү. Буга эмне себеп?
— Тилекке каршы, бейтаптардын 90 пайызында гипертония эмнеден улам пайда болгону белгисиз. Андыктан башка бирөө кабыл алып жаткан дары-дармекти ичүүгө болбойт. Ал эми 10 пайызы бөйрөк, боор же кан тамырларга байланыштуу оорулар. Гипертонияга эрте кабылгандардын көп себеби бар. Мисалы, 20 жашында эле кан басымы жогору болсо, алардын аортасы (эң чоң кан тамыр) тубаса тар. Бул кан басымды жогорулатат. Аял кишинин бөйрөгүнүн артериясын тарытып коё турган булчуңдар пайда болгондуктан да кан басым көтөрүлөт. Жаш кезде кан басым канчалык жогору болсо, башка бир олуттуу себеби бар экенине ошончолук ишеним күч болот.
— Ар бир адамдын өзүнүн кан басымы болобу?
— Ооба, ар бирибиздин өзүбүзгө тийиштүү белгилүү кан басымыбыз бар. Мисалы, жаш жигиттин кан басымы 90/60, ал эми 60 жаштагы кишинин кан басымы 140/80 болуп жатса экөөнө тең эч кандай дары-дармек зарыл эмес болушу мүмкүн. Ошентсе да идеалдуу кан басым 120/80ден төмөнкүсү эсептелет. Бирок мындан жогору болгондо деле дарыгерлер дайым эле гипертония диагнозун коё бербейт. Бул ар бир адамдын организминин өзгөчөлүгүнө байланыштуу. Мисалы, кээ бир адамдар 140/110 менен өзүн ыңгайлуу сезет, ал эми айрымдардын кан басымы 130/80ге жеткенде эле башы ооруп, кыйналып баштайт.
— Артериялык гипертензиянын себептерин так айтуу мүмкүн эмес дешет. Чынында эле ушундайбы?
— Артериялык гипертония (гипертензия) башты оорутуп, демди кыспаса, адам аны сезбей жүрө берет. Бирок канчалык жогоруласа да эч кандай белги бербеген кан басым адамга зыяндуу жана кооптуу эмес деп айта албайбыз. Ар бир кан тамырдын басымды көтөрө ала тургандай эле күчү болот. Кээ бир 90/60 менен жүргөндөрдүн кан тамыры 150-160та жарылып кетиши мүмкүн. Тескерисинче, кан басымдын жогорулоосу сезилбегени кооптуу. Ошондуктан артериялык гипертония менен ооруган бейтаптар дарыгерге кайрылбастан көпкө чейин жүрө бериши мүмкүн. Ооруну кандын басымын дайыма текшерип туруу аркылуу гана билүүгө болот.
Кан басымдын 200гө чыгып кеткен учурлары кездешет. Бул туздуу тамак жеп алгандан, ашыкча толкундануудан же катуу чочугандан болушу мүмкүн. Бирок дарыланса да 200дөн түшпөсө, адам майып болуп калышы мүмкүн.
— Гипертонияны Паркинсон оорусу менен да байланыштырып келишет?
— Экөө тыгыз байланышта эмес, болгону Паркинсон оорусу менен ооругандар деле гипертония менен жабыркашы мүмкүн. Гипертония — кан айланууну бузат. Биздин денебиз үчүн эң маанилүүсү — бул мээ, жүрөк жана бөйрөк. Эгер Паркинсон оорусуна алып бара турган мээдеги гормон бузулса, анда таасири тийип калат. Ага караганда гипертониянын унутчаактык менен көбүрөөк байланышы бар.
— Кан тамырдын импульсу, мисалы, мүнөтүнө 108 жолу согушу оору болушу мүмкүнбү?
— Муну оорунун белгиси деп айтууга болбойт. Анткени жүрөк эч убакта бир калыпта сокпойт. Эгер тынч эле эч нерсени ойлобой жатсак кайра басаңдайт. Уктап жатканда жүрөктүн согушу 40ка да түшүшү мүмкүн. Тескерисинче, бир жактан кечигип же марафонго катышканда күйүгүп чуркасак, катуу толкундансак андан да бат-бат согот. Ал эми эч себеп жок эле өлчөгөн сайын 108ге чыга бере турган болсо, бул бир оорунун белгиси болушу толук ыктымал.
— Эми имвазивдик дарылоо жолдору тууралуу маалымат берсеңиз?
— Бул ыкманын түрлөрү бар. Ал аркылуу бөйрөктүн артериясында тамырга бир нерсе тыгылып калса стенд коюп кан басымды түшүрсө болот. Кээде өтө көп дары ичкенине карабастан кан басым түшпөсө да имвазивдик ыкманын түрлөрү колдонулат. Мында тийиштүү нервдерди бир аз күйгүзүү аркылуу чыңалууну азайтып, кан басымды кичине ылдыйлатабыз.
— Гипертониянын белгилерин санап берсеңиз?
— Бара-бара артериялык гипертонияга кабылган адамдын жүрөгү чоңоюп, атеросклероз тез өнүгөт. Мындан тышкары, көздүн тор кабыгынын кан тамырлары жабыркап, кээде жарылат. Мына ушундай процесстер күчөп отуруп, акыры өмүргө коркунуч алып келген эки ооруну чакырат. Алар инфаркт жана мээ инсульту (мээге кан куюлуп кетүү). Эң өкүнүчтүүсү, бул оорулар күтүүсүз кармашы мүмкүн. Бекеринен артериялык гипертонияны байкалбай жүрүп өлүмгө кептейт дешпесе керек. Кан басым көтөрүлгөндө көз караңгылап, баш айланат, ооруйт, адамдын кускусу келип, деми кысылып, тамакка табити тартпай, кулак чуулдайт. Бул жогорку кан басымдын айынан кан айлануунун бузулушунун белгилери.
Ооруну алдын алуу үчүн жашоо образын өзгөртүп, дары-дармек терапиясынан өтүү керек. Дары-дармексиз дарыланууда салмакты көзөмөлдөө шарт. Гипертониялык оору менен жабыркаган адамдын салмагынын азайышы анын кан басымын төмөндөтөт. Көбүнчө жер-жемиш, жашылча, калий, магний, кальцийге бай тамак-аш, балык жана деңиз азыктарын пайдаланып, майлуу тамактарды, тузду (күнүмдүк норма 1,5 грамм) азайтуу шарт. Тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ичүү да кан басымын жогорулатат. Булардан тышкары, көп кыймылдоо (жөө басуу, сууда сүзүү, велосипед тебүү) талап кылынат.
Саламаттык сактоо министрлигинин кардиологу жана башкы аритмологу Дамир Осмонов
— Жогоруда сиз айткан ыкмаларды жасоо менен эле бул дарттан айыгып кетүүгө болобу?
— Артериялык гипертония — бул өнөкөт оору. Бир дары же дарылоонун бир курсу менен эле жок болуп кетпейт. Жогорудагы айтылган эрежелерди сактаса, кан басымы төмөндөп адам жакшы жүрүшү мүмкүн. Бирок булардын бирин эле сактабай, режимин буза турган болсо кайра көтөрүлүп кетүү тобокелчилиги бар. Ошол себептен мындай бейтаптар жылына бир жолу дарыгерге барып көрүнүп туруусу керек.
— Алдыда жай мезгили келе жатат. Аптаптуу ысык аба ырайы гипертония менен жабыркагандарга терс таасирин тийгизери белгилүү. Мындай учурда жөнөкөй адамдар кантип жардам бере алабыз?
— Ал кишини көлөкө жерге алып барып отургузуп же жаткырып карашы керек. Кычкылтекти азайтып бейтаптын айланасына топтолуп албай, ызы-чуу болуп толкундантпай, муздак суу менен бетин жууп, жука кийинтип койгула. Эң негизгиси берилген суроолорго жооп берип жатса коркунуч жок. Ал эми башаламан жооп берип, жөөлүп же сүйлөй албай жатса тез арада медициналык жардам чакыргыла. Бейтаптын жанында кан басымын түшүрүүчү дарысы болушу мүмкүн. Кан басымды ченеп туруп дары берүү керек.
Гипертония менен жабыркагандар бутум же колум ооруп жатат деп ар кайсы дарыны иче бергенге болбойт. Ооруну азайтуучу жана гормоналдык препараттар кан басымды жогорулатат. Түнкү уйку да жакшы болушу шарт. Врач жазып берген дарыны да өзү каалаган кезде токтотуп коюуга тыюу салынат.
Анан аябай жакшы дарыланып жаткан учурда деле тамак-аштан тузду азайтпаса, майнап чыкпайт.
— Гипертония жүрөктөн тышкары көп эле органдарга залалын тийгизет экен. Кайсы ооруларды да пайда кылышы ыктымал?
— Инсульт, инфаркттан тышкары бөйрөктө кан басымы жогору болгондугуна байланыштуу кан тамырлардын түзүлүшү алмашып кетет. Бөйрөктү гемодиализге байлап коюшу да мүмкүн. Көз көрбөй же аорта кан тамырынын жарылып кетүү тобокелдиги бар. Бул өмүргө өтө чоң коркунуч алып келет. Эми мунун баары жогорудагыдай эрежени сактабай же дарыгерге көрүнбөй жүрө берүүнүн кесепети болуп саналат.
Коронавирустан да гипертония менен ооругандар көп жабыркады.