БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Сенатор Алексей Пушков Европарламенттеги эң ири фракция болуп эсептелген "Элдик" партиясынын башчысы Манфред Вебердин Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулушу боюнча билдирүүсүнө комментарий берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Мурдараак Вебер бул эки өлкөнүн альянска киришине бөгөт койчу олуттуу себептер жок экенин айткан. Ошондой эле буга каршы чыккандарды изоляциялоо керек деген пикирин кошумчалаган.
"Россияны, Иранды, Сирияны, Венесуэланы, Кытайды, Түркияны изоляциялайбы? Ого эле көп эмеспи? Мындай ири державаларды бөлүп салабыз деп жатып өздөрү дүйнөдөн изоляцияланып калбайбы?" — деп суроо салды Пушков.
Жекшембиде Стокгольм менен Хельсинки НАТОго кирүү чечимин расмий жарыялашты. ЖМКлардын маалыматына караганда, Швеция өкмөтү альянска арыз катын даярдап койгон, аны Финляндия менен бир убакта жөнөтүү пландалууда.
Эки өлкө узак мөөнөттүү бейтараптыктан баш тартып, НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгү тууралуу Россиянын Украинадагы атайын операциясынын фонунда айта башташты. Альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг бул мамлекеттер аскердик блокко кирүүнү кааласа, НАТО аларды тез кабыл алууну камсыздай турганын билдирген.
Россия эки өлкөнүн НАТОго кошулушун колдобойт. РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев эгер бул нерсе ишке аша турган болсо, чек араны бекемдөөгө туура келерин айткан. Себеби альянстын Россия менен болгон кургактагы чек арасы эки эсе узаргандыктан Москва НАТОнун агрессивдүү аракеттерине даяр турушу керек болот.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркия аталган эки өлкөнүн НАТОго кириши боюнча процесстерге байкоо салып тургандыгын, азырынча бул маселеге оң кароого мүмкүн эместигин айткан.
Италиянын башкаруучу коалициянын курамына кирген "Италиялык Лига" партиясынын лидери Маттео Сальвини Финляндия менен Швециянын НАТОго кирүүсүн кийинкиге жылдыруу керек деген пикирин билдирген.