БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Алексей Ширшовго каршы козголгон кылмыш иштер боюнча түшүндүрмө берди.
Эске салсак, Кыргызстандын энергетика тармагында "серый кардинал" атыккан, "Дастан" трансулуттук корпорациясынын жетекчиси Алексей Ширшов 10-майда кармалып, бирок кечкурун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган.
Бул боюнча социалдык тармактагы талкуулардан улам президент Садыр Жапаров өз пикирин билдирген. Ал Ширшов Максим Бакиевдин 200 миллион доллары камакта жаткан банкты тапканын, бул маселе боюнча президенттин кабыл алуусун суранганын айткан. Ошондой эле Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ жетекчиликтери Ширшовго карата кылмыш иши жок экенин айтканын билдирген.
Мындан соң 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, азыр Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров бир катар ЖМКларга маек берип, ага карата учурунда бир нече кылмыш иши козголгонун маалымдаган.
"Президент Ширшов боюнча маалымат бергенден кийин Азимбек Бекназаров мамлекет башчысын кимдир бирөөлөр адаштырып жатат деген пикирин билдирди. Жыйынтыгында президенттин дагы, Азимбек Бекназаровдун дагы айткандары туура болуп чыкты. Алексей Ширшовго козголгон иштер болгон экен. Бирок 2015-2019-жылдары айып пул төлөп, акталып чыгыптыр. Ошол үчүн президент кабыл алган", — деди Султанбаев.
Ошондой эле маалымат катчы өз сөзүнө далил катары төмөнкү документти жарыялады.