Башкы прокуратура Садыр Жапаровду суракка чакырды

Президент 2010-жылдагы Июнь окуясын иликтөөнүн алкагында күбө катары көрсөтмө берүүгө чакырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Башкы прокуратурага суракка чакыртылды. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, президент 2010-жылдагы Июнь окуясын иликтөөнүн алкагында күбө катары көрсөтмө бермекчи.
Белгилей кетсек, буга чейин ушул эле окуя боюнча УКМК башчысы Камчыбек Ташиев сурак берип чыккан.
2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган июнь коогасына быйыл 12 жыл болот. Расмий маалыматтар боюнча, бул каргашалуу окуяда 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай жаракат алган.
57 адам дайынсыз жоголуп, 19у бүгүнкү күнгө чейин табыла элек. Массалык башаламандыкка байланыштуу 100дөн ашуун адамга издөө жарыяланган.
Президентти тытып салмай болдук. Түлөбаев Ак үй салууну сындагандарга нааразы